Эң бир сулуу апа сенин коздөрүң
Эң бир ыйык кымбат сенин сөздөрүң
Эркелетип мээрим төгүп өстүрдүң
Эс тартып мен кең ааламга көздөдүң
Кайырма:
Жайнап турса көзүңүздө кубаныч
Жаныңызга мен барганда кубанып
Жан апама узун өмүр берсе деп
Жараткандан тилеп келем суранып
Азыр барсам маңдайымдан сылайсың
Амандыгын балдарымдын сурайсың
Апа болуп турсам дагы турмушта
Апакем ай балаңмында кыйбайсың
Сагынычка толуп бүгүн көөдөнүң
Сапар тартып айылыма жөнөдүм
Сезимдерим апа сизди сагынтты
Сыйкыр дүйнөм кучагыңа бөлөгүң
Нуржан Тумонбаева — Жан Апам тексти
Датасы: 11.09.2022 Көрүүлөр: 6556