Амансынбы сүйгөнүм ар күн ойлоп жүргөмүн,
Көрбөсөм да көп айлар көңүлүмдө биргемин.
Эсенсиңби сүйгонүм эсен артын жүргөмүн,
Түңүлөт деп ойлобо түш көргөндө биргемин.
Аман, аман, аман жар, арзыганым аман бар,
Күйгөндөрдүн ырына күлбөгүлө адамдар.
Эсен эсен эсен жар эңсегеним эсен бар,
Күлүп шылдың кылбанар күйгөн биздей нечен бар.
Аман, аман, аман жар, арзыганым аман бар,
Кел кучактап алайын карап турсун адамдар.
Эсен эсен эсен жар эңсегеним эсен бар,
Жарым сени көрө албай жүргүмдө кесел бар.