Датасы: 10.03.2023
Формат: mp3

Көрүшкөнчө ашыгабыз шашабыз
Сагынычтын сыр сандыгын ачабыз
Кечиримдүү көтөрүмдүү бололу
Эгер кокус кетип калса катабыз

Кайырма:

Курбуларым курдаштарым кыйбастарым
Эгер кокус кетип калса катабыз

Асылдарым курбуларым курдашым
Кыйын күндө кызык күндө сырдашым
Кыялыбыз башка бирок бир жалпыз
Катарыбыз кемибесин кыйбасын

Кубанамын курбуларым баарына
Кубандырган ушул жашоо багыма
Капалыкты жамандыкты жолотпой
Каалаганым бакыт таалай баарыңа

Клип — Курбуларым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *