Илгери-илгери өзүн гана сүйгөн, өзүнөн башкага ишенбей шектенип мамиле жасаган, каардуу, залим падыша болгон экен. Ошондой кыялынан улам бир туугандарынан, өз аялынан, баласынан да шек санап, падышалык тагымды тартып алат деп, башка шаарга жашоого зордоп жер котортуп жиберет.

Падышанын сарайында балыкка тил, темирге жан киргизген бир устасы бар экен. Бир күнү ал ошол устасын чакырат да: «Мага айтканды «кың» дебей аткарган, колунан баары келген кызматчы темир кул жасап бергин»,- деп буюрат.

Уста макул болот да, тамак жасап, үй жыйнай турган, ооруса дары берип, айтканды кың дебей аткара турган Култемир-Роботту тез эле жасап бериптир. Ошондо өзүнө тамак жасап берген ашпозчуларынан да, дарыгеринен да, үй кызматкерлеринен шек санап жүргөн падыша аларды да сарайынан  оолактатат. Алардын ордуна устасы жасап берген Култемирди үй кызматкерлеринин да, ашпозчусунун да, дарыгеринин да ордуна жумушка чегет.

Култемир падышанын айтканын айткандай аткарып, жумшаган жагына басат.Сүйлөбөгөнү, кыйыктанбагандыгы, айткандан башканы жасабагандыгы падышага абдан жагат. Падыша болсо аны жумшап, эми менин жанымда шектенип корко турган адамдарым жок, жыргап-куунап жашасам болот деп ойлойт. Бул темир кулдун бир жакшы жери — ишке жумшаса же бир нерсе сураса «Ооба» деген бир гана сөздү айтчу экен.

— Култемир, кардым ачты. Тамак бересиңби? — дегенде, ал:

— Ооба, — дей турган.

Ооруп калса:

— Култемир, ооруп калдым. Дары бересиңби? — десе, анда дагы:

— Ооба, — дечү экен токтолбой. Мунусу падышага ого бетер жакчу экен.

Жылдар өтүп падыша картаят. Жанында эч кимиси жок, жалгыз темир Култемири калат. Сырдашайын десе, анысы сырдашууга жарабайт, сүйлөшөйүн десе сүйлөшүүгө жарабайт. Жанында көңүлүн сурар жакын адамы жок болот.

Бир күнү падыша катуу ооруп, төшөктөн тура албай калат. Култемир  дары берет. Дарыдан падыша айыкпай, оорусу күчөйт.

— Менин чекемди басып көрчү, — дейт Падыша Култемирге. Култемир муздак темир колун падышанын чекесине коёт. Өлүктүн колундай болгон муздак темир кол чекесине тийгенде: «Өлүп калсам, жанымда ким болот» деп ойлоп,  падыша чочуп кетет.

— Мен эмне, ушинтип жатып өлөмбү? — дейт Култемирге. Ал  адатынча баягы билген жалгыз сөзүн кайталап:

— Ооба, — дейт.

Култемирдин бул сөзү падышанын жинине тийип, каарданып, аны эшикке кууп чыгат. Анан сарайында жалгыз жатып өлөт экенмин деп коркот да, өзүнүн бир кездеги сүйүп, жактырып алган аялын бетинен сүйүп, жүрөгү элжиреп ойноткон балдарын эстейт. Бир үйдө чоңойгон бир туугандарын ойлойт. Көзүнөн жаш төгүп, өксүп ыйлайт. Эмне үчүн аларды жек көрүп, алыскы шаарга кууп жибергенин түшүнбөйт.

Анан жаткан төшөгүнөн зорго турат да, сакчыларын чакырып, баягы сарайынан кууп жиберген дарыгерин, ашпозчусун жана үй кызматчысын алдырат. Темир кул Роботту, аны жасаган устасын кошуп, алардын ордуна зынданга салдырат.

— Менин анык душманым ушул экөө турбайбы? — дейт ошондо падыша. Дарыгеринен, ашпозчусунан, үй кызматчысынан кечирим сурап, кетирген катачылыктарын мойнуна алат.

Дарыгери бир кездеги сүйүктүү падышасынын абалын көрүп, жылуу мээрими менен кайрадан дарылоого киришет. Жылуу сөзү менен анын ооруган көңүлүн көтөрүп, жакшылап сакайта баштайт. Ашпозчусу да ал сүйгөн таттуу тамактарын жасап берип, көңүлүн көтөрөт.

Падыша баары бир өзүнүн бир кездеги сүйүп алган жубайы, сүйүктүү бала-чакасы жанында болбосо, жашоосу өз жайында болбостугун туят.

Сакчысын чакыртып, чабаганчыларын чаптырат да, үй-бүлөсүн, бир туугандарын жанына алдырат. Канча жыл бою башка шаарга айыпсыз куугунтуктап жибергени үчүн кечирим сурап, эң жакын адамдарынын баарын жанына алып кайрадан жыргап жашап калыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *