Бар экен, жок экен, Петя-петушок деген короз болуптур. Таажысы өрттөй кызыл, жүндөрү жибектей жумшак, текөөрү бычактай курч, өңү болсо абдан кооз короз экен. Ал эми үнүчү үнү! Тимеле коңгуроонукундай таза, тунук жана бийик экен.

Бир жолу ал баардыгынан эрте ойгонуптур. Терезеден караса сырт караңгы жана тынч экен. Баардык жандуулар уктап жатышыптыр. Ал тургай күн да уктап калыптыр. “Жакшы эмес!”- деп ойлонду Петя-петушок. Ал ошол замат дубалдын үстүнө секирип чыгып кыйкырды:

– Ку-ка-ре-ку!

Катуу, катуу жер жаңырта кыйкырганын күн да угуп ойгонду.

– Рахмат, Петя ойготконуңа!- деди Күн, — уктап кетиптирмин.

Күн асманга көтөрүлүп. Жаңы күн башталды. Рахмат сага Петя-петушок

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы51
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)34
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок28
Акылдуу балдар16
Жаңы жылга даярдык15
Атанын осуяты жомок14
Ишенимдүү болуу - Мышык менен күчүктүн достугу14
Акылдуу кыз жомок10
Ак эмгек – даамдуу нан8
Кумурска үйүнө кантип жетти8

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *