Африкада пилдин бир абдан кежир баласы жашаптыр.

Бир жолу пилдердин бүткүл үй-бүлөсү сейилге чыкмай болушат.

— Жүргүн,- деди атасы.

— Барбайм,- деди кежир баласы.

— Жүрү, — деп өтүндү эне пил.

— Барбайм,- деп баш чайкады.

— Жүрүгүн,- деди улуу бир туугандары.

— Барбайм,- деди кайрадан кежир балакай.

— Андай болсо биз сенсиз эле сейилдеп келебиз,- пилдер кетип калышты.

Ошентип бала пил өзү жалгыз калды. Бирок анын дароо эле баардыгы менен бирге сейилдегиси келип, башкалар аны жалгыз таштап кеткенине аябай таарынды.

— Андай болсо,- деди өзүнө-өзү,- мен мындан кийин пил болбойм. Ким болсом деп көпкө ойлонуп, акыры арстан болууну чечти.

Ошентип балакай пил өзү көрүп жүргөн арстандарча күркүрөп-аркырап айлананы жаңыртты. Мындан улам бадалдардын арасында жаткан элик секирип чыгып качты. Пил баласы анын артынан жүгүргөнү менен караандап да койгон жок.

Ошол замат анын элик болгусу келди, ал сыяктуу каргып секирип, каргып секирип токтоп эки жакты каранып көрдү. Бирок ал мындан бат эле чарчап, эки жакты карана берип, бакка жармашып өскөн чырмоокто селкинчек тээп отурган кескелдирикти көрүп сүйүнүп кетти.

— Кутмандуу күнүңүз менен!- деп аны менен учурашты пил.- Жашооңуз кандай?

— Жаман,- деп жооп берди кескелдирик.- Мен балдарымды дарыянын жээгинде ойноп жүргөн жакын тууганым крокодилдин балдарына кошуп жиберип, эми кайра аларды крокодилдер жутуп койбосо экен деп сары санаамын.

— Мен дагы бирөөлөргө кошулуп ойносом деп келаткам. Азыр мен дагы сенин жаныңа чыгып барам, анан экөөбүз бирге селкинчек тебебиз,- деди балакай пил.

— Эч кандай андай кылбайт экенсиң!- кесе айтты кескелдирик.

— Эмне үчүн?- таарына түштү пил баласы.- Сен эмне, мени менен ойногуң келбейби?

— Албетте, ойногум келбейт! Мен биринчиден, балдарым үчүн санаа тартып отурам, экинчиден, сен абдан оорсуң, андыктан бул чырмоок сени көтөрө албайт. Үчүнчүдөн, кош бол! — балакай пил көзүн ирмегиче жалбырактардын арасына култ эте кирип, көздөн жок болуп кетти кескелдирик.

— Бул соймоңдогон немеге күнүм түшүп калыптырбы! Мен мындан да жакшы дос табам,- деп андан ары жөнөдү.

Токойдун ортосуна чыкканында ал жерде ойноп жаткан маймылдын балдарын көрдү. Алардын шайыр-шаңдуу оюндарын жактырып, дароо эле маймыл болгусу келди.

— Мына ушундай оюн ойноп жашаган мага жагат! Мени да өзүңөргө кошуп алгыла,- деди балакай пил.

— Биз менен ойно!- маймылдын балдары чурулдап жиберишкенде пилдин кулагы тунуп кала жаздады.

— О-ох! Бул эмне деген оюн? Маймылдар анын үстүнө минип, кулагынан чоюп, куйругу менен мурдунан тарткылап айласын алты кетиришти. Пил болсо маймылдардын делдейген кулактарына, узун куйруктарына да жете албастан шылдың болду.

Канчалык аракет кылбасын, алардай шаңдуу ойной албай, көп өтпөй эле шайы кетип отуруп калды.  Маймылдын балдары башкага алаксып калганда алардан качып жөнөдү.

— Мага маймыл болгон такыр жаккан жок,- күңкүлдөп сүйлөнүп келатып шактан-шакка учуп-конгон ажайып кооз тоту кушту көрүп, көздөрү жайнай түштү.- Мен эми гана эмне болушум керек экенин билдим! Мен тоту куштай болуп бактан-бакка учам. Мен канаттуу куш болом!

— Туура кыласың! Канаттуу болуп учкан эң жакшы. Анда эмесе учуп көрчү!- деди тоту куш.

Пилдин баласы чоң секирип кулактарын канат сыяктуу кылып каккылап жиберди, бирок өйдө көтөрүлмөк тургай жерге талп этип түшүп, бутун кокустатып алды. Карт тоту куш башын кыйшайтып, бир көзүн жумуп, бир көзү менен мыскылдуу карап турду.

— Учмакмын! Жөн гана бул жерде күүлөнө турган жер болбой калбадыбы,- деп актанды балакай пил.

-Ооба,- деп аны менен макул болду тоту куш.- Токойдун арасы сага учканга тардык кылат. Мен сага күүлөнүп уччу жерди көргөзөм,- деп ал балакай пилди жардын кырына алып келди.

— Кандай учушту карап тур!- карт шакабачы жардан ылдый секирип, анан канат кагып учуп кетти. Пил балакай да тоту кушча жар кырына келип, кулактарын жайып ылдый карай секирди, бирок учмак тургай шалп этип сууга түшүп калды. Ал суудан шөмтүрөп баткак болуп, акыр-чикирлерди боюна жабыштырып эптеп чыкты.

Ал эми жээкте болсо аны карап атасы баш болгон бүт үй-бүлөсү туруптур, ал уялганынан жерге кирип кете жаздады. Анан ал самтыраган башын эптеп өйдө көтөрүп араң сүйлөдү:

— Мени деле өзүңөргө кошуп сейилге ээрчитип алгылачы. Мен мындан кийин дайыма пил гана болуп жүрөм.

Ошентип пилдердин үй-бүлөсү кайра толукталып, андан ары сейилдеп жөнөштү.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу кыз жомок32
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар29
Кырк калп жомок26
Көмөч нан (колобок) жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *