Көздөр көк асман, көздөр бир дастан,
Көзүңө чөгүп, канча адашкам.
Бир тиктеп алып, карегим талып,
Кирпиктерим да сени самашкан.
Жарк этип күндөй, бүркөлүү дүйнөм,
Алоолоп жанып, көзүңдө күйдүм.
Төгүлдүм сага чайпалып эрким,
Көрүндүң мага баладай сүйкүм.
Көз баарын таанып, көздөн жаш тамып,
Үлпүлдөп өчтү үмүтүм жанып.
Кайрылбай бир күн кетээриң билгем,
Кайрыктарымда күйүтүм калып.
Каректериңде өткөнсүп өмүр,
Көздөрүң эстеп кыйналаар көңүл.
Көзүңдөн өткөн күндөрүм калаар,
Көзүңдөн өпкөн күндөрүм калаар…


Эч жерден таппай жаттым эле,бүгүн таптым.
Уккулукту чыгарма
Мен сенсиз жашай албай калгансыймын деген ырын таппай жатам
Хромдон табасыз
Абдан жакшы ырлары бар
Жакшы ыр обону менен абдан сонун Тумонбай озу ырдаганы жакшы топ келген ыр
Жакшы ыр обону менен абдан сонун Тумонбай озу ырдаганы жакшы топ келген ыр
Сонун ыр обону дагы керемет
Хромдон табасыз