Роза Шакирова — Жаштыгым менен сырдашуу тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Ойлосом көңүл ток эле,
Ооматы ойдо жок эле.
От болуп күйгөн мезгилде,
Отуз жаш ойдо жок эле.
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыпмын бүгүн отуздан.
Ой, эми шашпа кайда деп,
Артымдан жанат отуз шам.
Күлкүдөн кумар таркабай,
Кырк жашты салдым аркага.
Өмүрдүн кызык учурун,
Өткөргөн экенмин байкабай.
Салтанат күүсүн көп угам,
Шаңданып калам мен улам.
Кырчындай жаштык турганда,
Кырк жаштан өтүп не кылам?
Карылык деген кашаң ат,
Картайтат экен жакалап.
Картайтса мейли картайтсын,
Картайтпайт бизди махабат.
Оюмдун түбү бүтө элек,
Жаштыктын оту өчө элек.
Түшсө да бырыш чекеге,
Жүрөккө бырыш түшө элек.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp31068
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти534
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти255
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти172
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти140
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти138
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу103
Жан Сабыров — Жаным сен101
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.