Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Жан дүнөмдү ойготуп тынчтык бербедиң
Жалгыз өтүп күндөрүм аны билбедиң
Күттүм карап жолуңду, бирок келбедиң
Санааларга чөмүлүп ойго батамын
Сагынычка бөлөнүп ойгоо жатамын
Сыздап жүрөк ооруду, түйшүк тартып капамын
Кайырма:
Эсимден такыр кетпедиң кай жакка кеттиң,
Эзилдим эрким жетпеди дармандан кеттим.
Айтылбай ак сүйүү дарты азабын чектим
Алоолоп от болуп жанып арманда кеттим.
Көңүлүмдү оорутуп кабар албадың,
Жан дүйнөмдөн мени алдадың
Кеткен ошол жолуңду өзүң тандадың
Кош бол эми түбөлүк жолдон адашпа
Тагдыр ушул а, бирок мени унутпа
Жазган менин бактыма жалганга сен жолукпа
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *