Датасы: 11.09.2020
Формат: mp3

Башканы сендей сүйбөгөм
Бакытка балкып көрбөгөм
Бактыма жаралгандайсың
Бактылуу жандай өңдөнөм

Кайырма:
Жашоомо келген белексиң
Сен мага суудай керексиң
Өмүрдүн гүлүн тартуулап
Жарыгым ай, жарыгым ай
Түбөлүккө сен керексиң

Ачылган кызыл гүлдөйсүң
Ашыктым аны билбейсиң
Агарып чыккан таңдагы
Ажарын чачкан күндөйсүң

Кайырма:



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *