Аткаруучу: Саадат Жыргалбекова
Өткөндө Чычкан капчыгайынан
Кездешти сырдуу жигит алдымдан
Сүйлөгөн анын ар бир сөздөрү
Жүрөктү тешип өтчү чагылган
Көздөрү жанып турду көзүмдө
Керемет сезим болду көңүлдө
Анан да жакты анын бул сөзү
“Карындашым Токтогул өзүнчө”
Кайырма:
Сүйүп калдым Токтогулдук жигитти
Ар бир сөзү жүрөгүмдү жибитти
Ырдаганы элжиретип дүйнөмдү
Алып салды ичимде муң күйүттү
Көл бойлой басып сырлар чечишип
Калгандай жомоктордон кезигип
Сымбаты сөздөрүнө жарашып
Толкундап жатты дүйнөм эзилип
Токтогул байлап мени өзүнө
Торгойу чокту салды көңүлгө
Арбалдым табияты элине
Керемет сезим калды көңүлдө
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.