Датасы: 08.06.2022
Формат: mp3

Атаке турмушта таяп турар тирегимсиң
Тек өзүң тагдырыма күйөрүмсүң
Апакем мээримиң жылындырат бороондордо
Карабай эркелеймин чоңойгонго

Кайырма:

Атаке узак өмүр сүрсөң экен
Апаке түк кайгырбай күлсөң экен
Кудайым ата-энеме өмүр берип
Кашымда аман-эсен жүрсө экен

Атаке сүрөнүң дем күч берип колдойт мени
Ак батаң жамандыктан коргойт мени
Апаке сөздөрүн канат берет учканыма
Карабай алга жөнөйм бүт баарына

Атаке карааның үйүбүздүн чеби сындуу
Каалабайм эч убакта кейишиңди
Апаке ак сүтүң адамдыка үндөйт билем
Ааламда сендей эч ким күйбөйт билем

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *