Датасы: 23.04.2024
Формат: mp3

Мейли сүйгүн мейли сүйбөгүн
Мейли менден күдөр үзбөгүң
Карабагың көпкө тигилип
Эбак сенден үмүт үзгөнмүн

Мейли күлгүн мейли күлбөгүн
Эстетпегиң өткөн күндөрү
Козгобогуң эски жаранды
Кыйнабагың кош бол сүйгөнүм
Жаңылаба эски жарамды
Кыйнабагың кош бол сүйгөнүм

Капа болгуң мейли болбогуң
Жүрөгүмдө калсын обонуң
Жолугуудан калдык биз эми
Түбөлүктүү сүйүүм болбодуң
Кезикпейбиз сүйүүм кош эми
Түбөлүктүү сүйүүм болбодуң
Кезикпейбиз сүйүүм кош эми
Түбөлүктүү жарым болбодуң
Бактылуу бол кайда болбогуң


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *