Кереметтүү жамалың,
Керилесиң маралым.
Келбетиңе арбалып,
Күйүп, оттой жанамын.
Келбетиң ай сезилип,
Дегдеп, жүрөк эзилип.
Ак сүйүүмдү айтамын.
Кези келсе, кезигип.
Кайырма:
Адеми, Адеми,
Эми азапка салба мени.
Адеми, Адеми,
Сүйөм жалгыз сени.
Тагдыр берген белегим,
Жүрөгүмдү ээледиң.
Жүзүң сулуу, Адеми,
Айга сени теңедим.
Кайырма:
Адеми, жүзүң сулуу, Адеми,
Адеми, арман болуп, Адеми.
Кайырма:
Сапар Эркебаев — Адеми тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 695