Датасы: 01.07.2022
Формат: mp3

Жылдар учуп жайлоого
Чоң тектирге конобуз
Ошол бойдон кышка чейин
Кой артында болобуз
Көчүп келип жаңыда
Бизге болдуң кошуна
Алты канат үй тигип
Чоң тектирдин боорунан

Кайырма:

Козу-улагың мааратып
Күндө айдайсың кыр ашып
Айдай жүзүң келишкен эй
Оо алтыным бел ашып
Айбийке, Айбийке
Кой кайтарсак биз бирге
Мүчө-боюң төп келишкен
Жар болосуң сен кимге
Асылым Айбийке
Сени бербейм эч кимге

Ай толгондо жайлоодо
Биз ак чөлмөк ойнойбуз
Топ жигиттер кызыгышып
Дидарыңа тойбойбуз
Ак көйнөгүң желбирейт
Жорголотуп ат минсең
Айдын сулуу кызы беле
Чабан кызы Айбийке

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *