Жолдо аял менен эркек келатса шайтан жолугуп калат.

— Салам, адам баласы. Катыныңды ээрчитип каякка? – деп салам айтып алик албай эле сурап турат шайтан акең.

Анын бул жосуну адамдын кыжырын келтирет, анткени жанындагы аялга анын бул орой сөзү катуу тийген эле.

— Арам шайтан! Эмне деп былжырап турасың? Бул мага эч кандай аял эмес!

— Анда бул аял сага ким анда?

— Тууганым болот.

— Кандайча тууган, түшүндүрчү? Тууган деген ким болот билбейт экенмин.

— Андай болсо угуп тур, шаңыраңдаган шайтаным. Мунун апасы менин аялымдын кайненеси. Эми анын мага кандай тууган экенин өзүң билип ал!..

Бирок шайтандын буга таптакыр башы жетпейт. Ошентип башы жетпегенде манжаларын санап кирет, алар жетпей калганда бутунукун санайт, алар да жетпейт. Жаңылып калдымбы деп бул мүчөлөрүн кайра-кайра санап абдан кыйналганда кетип калган адамдын артынан кууп жетип кайра сурайт:

— Таптакыр түшүнө албай койдум, адам аке, айтып койчу, экөөңөр кандай туугансыңар?

— Өзүң билип ал! Ошон үчүн шайтансың да, — деп адам өз жолу менен кете берет.

Ошондон бери шайтан башын оорута ойлонуп, бул дүйнөдө эбак жок ошол аял менен ал эркек кандай тууган экенин биле албай келатат дейт.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Султан Садыралиев & Марсиана & LUCKY - Берекем тексти12
Муз чолпу11
Карышкыр жана жети улак8
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок8
Акылдуу бала3
Акыл карачач2
Акылдуу кыз жомок2
Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз2
Алия менен жылкы2
Атанын керээзи жомок2

Один комментарий к “Шайтан менен адам”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *