Жай мезгил тыптынч айлана
Асмандан калкып ай гана.
Айга окшоп мен да токойдо,
Кыдырып жүрдүм жай гана.
Жан жактан муздак жел келет,
Жалбырак-бутак термелет.
Жанаша өскөн кайын-тал,
Жаш бозой-селки өңдөнөт.
Бадалдуу бактын түбүндө,
Тийишип ийин ийинге.
Эзилип эки жаш турат,
Тартылып таттуу сүйүүгө.
Мен болсом лира сүйгөнүм,
Тапсам дейм сөздүн гүлдөрүн.
Ойлонуу менен өткөрөм,
Кез кезде жайдын түндөрүн.