Датасы: 29.05.2024
Формат: mp3

Периштелер ааламыңан
Келгенсиңби жаным адашып
Бөлдүм көңүл сага улам
Болдум жаным чындап сага ашык
Жүрөгүмдө шамдай жанасың
Эстен кетпейт сенин карашың
Эске түшүргөн сени жаным

Кайырма:

Сенин көзүң жылдыздардан адеми
Жарык айдан адеми
Эң адеми
Сенин жүзүң жүрөгүмдө бар эми
Махабатым ал эми
Эң адеми, эң адеми


Сага жаным көңүл бөлдүм
Сендей аруу жанды көрдүм
Махабатка толду жүрөгүм

Карагаттай мөлтүр көзүң
Төмөн карап назик күлдүң
Жүрөгүмдө менин гүлдөдүң

Кайырма:

Сенин көзүң жылдыздардан адеми,
Жарык айдан адеми.
Эң адеми,
Сенин жүзүң жүрөгүмдө бар эми.
Махабатым ал эми.
Эң адеми, эң адеми.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *