Биринчи катка жолдогон,
Сиз жактан жооп болбогон.
Кейитип кээде укчумун,
Болду деп бала оңбогон.
Абийирин төгүп эл-журтка,
Келгин деп мени зордогон.
Кеткенсиң үзүп куйрукту,
Танбастан ошол жоргоңдон.
Отуз жыл өттү арадан,
Сен жоксуң бизге караган.
Арагың менен аялдар,
Артык деп жүрдүң баладан.
Сабылып ыйлап кат жазган,
Сагынычым эбак тараган.
Алпештеп бизди апабыз,
Адамзат кылды жараган.
Кырк үчкө келди курагым,
Бишкекте ишим, турагым.
Үй-бүлө, алты баланын,
Атасы болгон убагым.
Апама эптеп тээк болуп,
Бир топ жыл руль бурадым.
«Абалың кандай, уулум?» деп,
Бир жолу качан сурадың?
Атасыз күнүм шор болуп,
Атасыз калсам кор болуп.
Тарбия көрбөй атадан,
Түшүшчү жерим шор болуп.
Жашоом бүтүп калчудай,
Жашычу элем шорлонуп.
Карындаш-боорду багам деп,
Чоңойдум колум чор болуп.
Унутпай элиңди,
Аракка коюп дээриңди.
Көк терек сүзүп жүрчү дейт,
Таба албай түнөр жериңди.
Кечир деп келдиң, ай болду,
Жаланып кургак эрдиңди.
Чым-Коргон менен ЛТП,
Чыгарган экен желиңди.
Какыйган шымдын кыры жок,
Сыр аяк келди, сыны жок.
Баштагы чалпоо, көп-көлөң,
Бакылдап сөккөн чыры жок.
Калтырак баскан чал келди,
Кармоого кашык ыгы жок.
Канчалык атам десем да,
Каалоом сага, чыны, жок.
Өткөнүм болду ката деп,
Өзүңө берем бата деп.
Өлтүрсөң-койсоң өз эркиң,
Корооңдо жата берем деп.
Өлүмтүк артып келипсиң,
Аракка койбойм сата деп.
Канчалык оозум таптаймын,
Айта албай койдум атоо деп.
«Эсирчү кезди эсирди,
Башында үйдү кесирди.
Каналда өлсө каңкайып,
Карайтат элге бетиңди».
Күн-түнү тынбай шыбырап,
Айламды апам кетирди.
Кыз алган жарың ал шордуу,
Кыялбай турган шекилди.
Басалбай бутуң алыска,
Жарабай оокат табышка.
Оозуңда бир да тишиң жок,
Болупсуң ноокас абышка.
Көп кесел билип диниңди,
Түшкөндөй баары жарышка.
Жаткырдык ооруканага,
Жаныңды алып калышка.
Кагылып ыйлап кат жазып,
Келет деп кыял ээлеген.
Жылыбайт такыр сезимим,
Жаш кеткен өңдүү денемден.
Ой-санаам койду кутулбай,
Отуз жыл деген середен.
Кат алып келет аш менен,
Он үчкө чыккан неберем.
Султан Садыралиев — 43 жашар баланын арманы тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 2245