Датасы: 20.07.2020
Формат: mp3

Кыштын узун түндөрүндө,
Эске түштү балалыгым,
Менин арча жыттанган.
Сагынамын, сен мени сагынтасың,
Эңсейм аны. Сен эми кайрылбайсың.
Кош бол эми, балалыгым,
Балалыгым, кош бол эми.

Кайырма:

А менин бала бойдон калгым келет,
Балалык көз алдымда элестелип.
Наристе жытын бузбай,
А менин бала бойдон,
А менин бала бойдон калгым келет.

Аппак тоону аралаган,
Мен ойногон ал күндөргө,
Тоолор күбө, куштар күбө.
Балалыгым, балдан ширин, кайталангыс.
Балалыгым,
Канат байлап сен учуп кеттиң.
Кош бол эми, балалыгым,
Балалыгым, кош бол эми.

Кайырма:

Кыштын узун түндөрүндө,
Эске түштү балалыгым,
Менин арча жыттанган.
Сагынамын, сен мени сагынтасың,
Эңсейм аны. Сен эми кайрылбайсың.
Кош бол эми, балалыгым,
Балалыгым, кош бол эми.

Кайырма:

Султан Садыралиев — Балалык тексти: 15 комментарий

  1. 1. Каштын узун? Каштын деген эмне?
    2. Эмнеге акцент менен ырдап атат?
    3. Ушинтип ырдабай эле койсо болмок экен.
    УЯТ

  2. Султан байке саламатсызбы?Жакшы ыр.Мен бул ырды тушумдо ырдап,ыйлап атыптырмын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *