Билинбестен дүйнөмө куруп шаң,
Бир пери бар, ал бийик булуттан.
Бүтүндөй ал, бүтүндөй тунук жан,
Көңүлдү жылыткан.
Көз уялып чагылат нурунан,
Желге ойногон, ах, чиркин, жытыңан!
Муздак көңүл билинбей жылыган,
Сени менен жылынам.
Кайырма:
Көңүл бөлүп карачы, көпөлөктүн канаты —
Бул көңүл…
Суранамын, аячы, сезимдердин тазасы —
Бул көңүл…
Теңелейин сени менен булутка,
Сага болгон ак сүйүүм тунук да.
Көңүлдөгү адамсың, унутпа,
Суранам, унутпа.
Кайырма:
Көз уялып нуруңдан жалтанган,
Көркү сүйкүм чалкыган акмаржан
Көңүл гүлүн издеп мен ар таңдан,
Калбай эч аркаңдан.