Датасы: 16.03.2023
Формат: mp3

Сага деген канча ырлар жаздым
Адатымча мууңдуу обон салдым
Түнүм бүтпөй таңым атпай эми
Жалгыз сырадым
Түшкөн сымал көктөм бар асманым
Татынам ай жолун карап калдым
Таалайыма келгин жанды бөлбө
Оо жаратканым

Кайырма:

Керек эмес мага башка адам
Мени карай жаным ташта кадам
Жараланган сезимиңди эми
Дарылайм кайрадан

Кыйын күндөр өтөр биз жеңебиз
Бакытыбыз болуп дайым эгиз
Өкүнбөчү жаным бул өмүргө
Бир эле келебиз
Күздө бышка ширин карагатсың
Теңдеш сендей жерден таба албасмын
Эки дүйнө бир болууга келген
Сен аманатсың

Султан Садыралиев — Мени карай ташта кадам тексти: 5 комментарий

  1. Ото сонун ыр, прям душевно спел,негизи коп издедим кимдин ыры болду экен деп, не думала Султан байке ырдаса керек деп,мага жакты душевная песня экен!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *