Сулуу келин аудиосун угуу

Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно калып: “Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын бүктөп олтура калып:

-Экөөбүз баш кошсок кандай болот?-деп сулуу келинге кеп салса, ал макул болот. Сулуу келинди жигит алып үйүнө барат. Жигит үйүнө баргандан кийин үй-турмушу оңолуп, тамак-ашы жайнап жатып калат.

Бир аз убакыттан кийин баягы жигиттин өңү саргарып, арыктай баштайт. Ал жигиттин бир досу болот. А жигитке досу учурап:

-Ай, сенин өңүң эмне саргарат?-дейт. Аңда берки жигит:

— Билбейм!-деп жооп берет. Анда дос житити:

— Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес, карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул шаарды сордурасың,-дейт. Сулууну алган жигит ишенбейт: “Кантип эле ажыдаар аял болуп калсын”,-деген ойго келет. Анда берки дос жигити:

— Болуптур, мага ишенбесең бара көрөбүз,-дейт. — Сен бүгүн түнү чыпалагыңды кес. Чыпалагыңды чынанган тузга малып жат. Аялың таңга маал уктайт, ошоңдо курсагын сына, киндик болсо аялың киши, киндиги жок болсо, аялың кар-таң ажыдаар, элдин убалына калба,-дейт.

Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып, аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз. Шек алдырбай эртең менен эрте туруп:

— Сенин айтканың чын экен,-деп досуна баягы сөздү жашырбай айтат. Анда досу:

— Мен сенин сулуу аялыңды көрө албагандай ойлодуң эле. Бүт иш чындык болду. Бирок аялыңдын эки айлык боюнда бар. Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Тогуз ай, тогуз күндү болжоп үйгө кел. Ошол учурда аялың толготуп төрөйт. Ошо менен макул болуп шаарга кетип, айтканындай тогуз айда кайта келип досуна учурайт.

— Эми бүгүн аялың толготуп жатат. Бала жуп төрөлүп түшүп баратканда, аялыңдын мойнун кыя чап!-деп колуна кылыч берет. Ошондо сөөгү эрип, көлкүлдөп жумшап калат. Бир өлтүрсөң ошондо өлтүрөсүң. Бирок баланы ылдам ал,-дейт.

Айтканындай төрөп жатканда кылыч менен аялынын мойнун кыя чапса, башы өгүздөй, денеси кырк кулач ажыдаар болуп сулайт. Баягы аял эркек төрөйт. Баланы антип-минтип энесинин алдынан алганча, энесинин мойнундагы эки тамчы кан баласынын көкүрөгүнө таамп калат. Баланы ороп:

— Эмне кылам,-деп баягы досуна барат. Ошондо досу:

— Аялыңдын терисин сыйрып алып, калган денесин өрттөп ийгин!-деп колуна бир куура кестик берет. Кара кестик менен ажыдаардын терисин тилсе, ажыдаардын терисинин калыңдыгы үч карыш болот. Терисин сыйрып алып, денесин отко өрттөйт. Ушуну менен бала чоңоет. Он сегиз жашка чыккан учурунда бир көтөрүп келген отуну бир шаардагы элге бир кышка жарайт. Бир ичкенде бир шаардын тамагын бир ичкен, ушунчалык алп, күчтүү бала болот. Күңдөрдүн биринде баягы досу учурайт.

— Ии, досум, баягында мага ишенбей, аялымдын сулуусуна ичи тарып жатат деп ойлодуң эле. Бул чындык болду. Эми балаң кандай?-деп сурады. Аңда сулуу аял алган жигит:

— Таң, билбейм, баланын бир көтөрүп келгенин бир шаар бир жыл оокат кылат. Бир жолу ичкенде бир шаардыкын бир эле ичет. Аңда досу айтат:

— Болуптур, досум, мени достукка санап, балаң экөөң тезинен үйгө келип, конок болуп кет,-дейт.

Берки жигит макул болуп, алты күндөн кийин барса, берки досу бир темирден үй жасайт. “Темир үйдүн ичин кызыл-тазыл кооз кылат. Өзү ачылып, өзү жабылган эки жагынан эшик жасайт. Досуна жакшылап тамак берет. Баягы баласы экөөн ээрчитип темир үйгө астына өзү, ортосуна досу, артынан бала кирет. Өзү менен досу мурда чыгат. Баягы үйдүн ичиндеги кооздолгон нерсени карап, бала алаксып ошол үйдө калат. Эки дос ээрчишип эшикке чыгышат. Бала элең-булаң эки жакты карагыча, үйдүн ичиндеги эшик тарс жабылып, бекилип калат. Бала бакырганда деминен темир көккө үч тийип, жерге үч түшөт. Досу эл-журтту жыйдырып, темирден казык кылдырып, чынжыр менен чырматып, темир үйдү жерге кагат. Бир сындырым нан, суу менен жети күнү баланы багат. Жети күндөн кийин өзөгү карарып, бала жыгылат. Жети күнгө чейин берки досу жетимиш кулач ор каздырып, бир бээни жардырып, жылкынын эки казысын катар койдуруп, жети нан үстүнө, жети кетмен астына коюп, казган оруна таштайт. Жетимиш балбанга жетелетип баланы ордун үстүнө алып барат. Ачыгып калган бала оп тартып, нанды, этти караганда баланын оозунан эки жылан атып түшүп, нан менен баягы жылкынын казысына барып сайылып, бала чалкасынан кетет. Ошондон кийин бала куландан соо таптаза болуп тамак ичип, адам болуп калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Кыска жана күлкүлүү жомоктор21
Коён менен кирпи20
Акылдуу кыз жомок17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *