Илгери бир абышка менен кемпир жашаптыр. Алар өмүр бою кедейликти башынан кечирип, карыган кездеринде жалгыз уй менен калышат. Уй аларга сүт бергени менен эки кары ага чөп бере алышпайт, жайытка жаялы дешсе алдары жок, акыры жалгыз уйду сатып жибермек болушат.

Ошентип абышка уюн базарга жетелеп келет. Аны соодагерлер тегеректеп, уйдун тишин ачып, жонун басып көрүшөт. Уй анчалык чоң болбогону менен этинен кетип арыбаптыр, тиши түшүп карыбаптыр. Бирок ач көз соодагерлер аны ары-бери алдап, жаш уйду картаң кылып, семиздигин арык деп баалап, арзан алып коюшат.

Абышка базар аралап кемпирине көлөч-маасы, көйнөк, жоолук, өзү болсо байдын атасындай болуп байпагынан калпагына чейин жаңы алып киет. Калган акчасына өзүнө колбаса, кемпирине өмүрү жеп көрбөгөн момпосуйларды алат. Ошентип анча-мынча тыйыны калып, базардан чыгып келатса отун саткан соодагер балдар токтотуп алышып:

— Эй абышка, өзүң салабаттуу эле киши экенсиң, бирок кичине карый түшүпсүң, сендейлерге баскан сайын таянганга, бирөө тийишсе чапканга, ит капса тап бергенге жакшы таяк керек! — дешет. Дешет да алдап-соолап, ары-жак бери жагына чыгышып, момун чалга токойдо ар бир эле даракта өсүп турган чыбыкты карматышып, калган акчасын да кагып алышат.

Абышка таягын таянып, жөө-жалаңдап кечинде эптеп үйүнө жетет. Жеткени курусун, аны кемпири көрөрү менен айкырыкты салат:

— Эй чал, уйдун акчасы кана?

— Мына! — деп үстү башындагы жаңы кийимдерин көргөзөт абышка. Өзүнө эч нерсе албай келгенине жини келип таарынган кемпир ого бетер кыйкырат:

— Алжыган чал, акчанын калганына эмне алдың?!

— Калган акчага мобул таякты алдым,- дегенине эми чындап ачууга алдырган кемпир ого бетер айкырып:

— Бар ошол таягыңды көтөрүп алып көзүмө көрүнбөй жогол! — эшигин катуу жаап, бекитип алат.

Абышка өзүнө көлөч-маасы, көйнөк, жоолук, таттуу алганын айтса дажулкунган  кемпири укпайт.

Ошентип үйүнөн куулган чал токой аралап өткөн жолдо “карыганда уй сатам деп атып талаада калдым, мындай абалга сенин айыңдан түштүм”, — деп таягын бадал арасына ыргытып жиберсе, ал жактан апакай коён булт этип качып чыгат.

— Арам таяк, сени акчага алдым эле, жок дегенде ушул коёнго тийип өлтүрсөң кана! Апакай коён экен, терисин кемпириме жака, этин шорпо кылып берсем, ал мени кечирет болучу,- деп акчага алган таягын кайра барып алып, жол боюнда ыйлап отурса, баягы уюн арзан алып койгон соодагерлер келатканын көрөт. Базардан алдоо жолу менен арзан сатып алган көп малдардын арасында өзүнүн да ую жүрөт.

Буларды көргөндө абышкага бир ой келип, сүйүнүп кетет да баягы кемпирине алган кийимдерди бир бактын түбүнө, таттууларын болсо дагы бир бадалдын түбүнө катып, өзү колбасасынан кыя-кыя кесип жеп, жол боюна отуруп калат. Соодагерлер жол боюнда колбаса жеп отурган чалга таңгала карашып, кызыга кетишет:

— Эй абышка, эч адам жашабаган токойдун арасынан колбасаны кайдан таптың?

— Мен токойдун арасынан колбаса турмак башкасын деле таба алам,- дейт сыр алдырбай.

— Кантип?-  соодагерлер ого бетер таңгалышат.

— Анткени мобул таягым сыйкырлуу, азыр эле аны мобул бактын түбүнө ыргытып, чыштай болуп кийиндим. Колбаса жегим келип тээтиги бактын түбүнө таягымды ыргытып, эми аны жеп отурам,- дейт.

Ооздору ачылган соодагерлер чалды бир, таякты бир карагыча абышка ордунан лып туруп, алар менен коштошот:

— Кой, балдар… Мен шашып аттым эле, кемпириме кийим-кечек, балдарыма таттуу алып жолума түшөйүн, — таягын бакка ыргытып, кепиринин кийимдерин алып, бадалга ыргытып – таттууларын алып кетмекчи болгондо соодагерлер аны бура бастырбай таягын сатуусун суранышат.

Абышка алгач такыр макул болбой, акырында ак көңүлүн карматымыш эте таягын уйга алмашмакчы болот. Сүйүнүп кеткен соодагерлер ага өзүнүн баягы арыган, карыган деп арзан алган уюн мактап жетелетишет. Сыйкырлуу таягы менен жакшылап коштошкон абышка кетип баратып эскертет:

— Мен көрүнбөй калгыча таякты ыргытпай тургула, болбосо артымдан ээрчип кетет.

— Макул, макул, — соодагерлер таякты бекем кармап кала беришет.

Абышка үйүнө жеткенде ую мөөрөп жиберип, муну уккан кемпир үйүнөн атып чыгып, бир мүйүзүнө кийим-кечек, экинчи мүйүзүнө таттуу момпосуй салынган баштык илинген уюн көрүп, сүйүнгөнү менен абышкасына көрсөткөн ажаандыгы үчүн уялат, чунак.

Ал эми соодагерлер болсо абышканын карааны жоголору менен таякты:

— Бир кап акча тап! — деп катуу ыргытышканда таяк даракка катуу тийип сынып кетет да, абышкага алданып калгандары менен иши болбой: — Акмак! Сыйкырлуу таякты сындырдың, акырын ыргытпайт белең! — дешип бири-бири менен жакалашып калышат…

Абышка менен кемпир болсо жалгыз уюн экинчи базарга саткыс болуп, жыргап-куунап ынтымактуу жашап калкан экент.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сыйкырлуу таяк: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *