Сыйкырлуу жаздык

1 чи Like басыңыз.

Илгери-илгери Пхеньянда бир абдан ак көңүл адам жашаптыр. Ал кичинекей дүкөн кармап, ошонун соодасы менен жан бакчу экен. Сооданы ал чынчылдык менен жасап, эч кимди алдабастан, тетирисинче, бей-бечараларга аянбай жардам берип, карыз сурагандардын ак көңүлдүк менен ажаатын аччу экен.

Бир жолу анын дүкөнчөсүнө коколой жалгыз башы калган, үй-жайсыз тентиреген абышка жаман жаздыгын көтөрүп баш багат. Ал кожоюн менен аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, сүрүштүрө келишсе, экөө уруулаш жакын тууган болуп чыгат.

– Менин аз эле өмүрүм калды. Балким башпаанек берерсиң,- деп жалооруду Абышка соодагерге.

Ансыз да ак көңүл кожоюн бул селсаяк чал тууганы болуп чыккандан кийин кыя албастан ага эң жакшы бөлмөлөрүнүн бирин берип, камкордук көргөзө баштайт.

Ошентип жаман жаздыгын жаны биргеден бетер колунан түшүрбөгөн селсаяк абышка ак көңүл соодагердикинде жашап жүрдү.

Жылдар өтүп, согуш болуп, өлкөгө кыйын кезең учурлар келди. Эл жакырланып, алардын ичиндеги биздин ак көңүл соодагердин да соодасы жүрүшпөй, жашоосу кыйындады. Ал эми абышка баягыдай эле колунан жаман жаздыгын түшүрбөстөн соодагердин кыйналганы менен иши жоктой бейкапар жашап жүрө берди. Соодагер канча кыйналса да аны ары тур, бери тур деген жок. Берген ашын мурункудай эле жайдары маанайда алдына коюп жүрдү.

Бир жолу соодагер дүкөнүндө маанайы пас, сары чолок тыйындарды санап отурса жаман жаздыгын кучактап алиги абышка кирип калды.

– Байкап жүрөм, сен кийинчирек кыйналып жүрөсүң. Ишиң жүрүшпөй, итиң чөп жебей, өңдөн аздың. Же бир жериң ооруп жүрөбү… Ме менин жаздыгымды жазданып жатсаң жеңилдеп каласың,- деп ал жаман жаздыгын соодагердин алдына коюп, дүкөндөн чыгып, өз бөлмөсүн карай жөнөдү.

Соодагер сырты кара кокочо кирдеген, жыгач дөңгөчтөй катуу жаздыкты обочо түртүп, “ушул жаздыктан жеңилдегенди тапкан экенсиң абышка”,- деп ичинен мыскылдуу сүйлөнүп, баягы эле көңүлсүз ойлоруна кайра сүңгүп, азга отургандан кийин негедир уйкусу келе баштады.

Мурда эч качан дүкөнүндө уктабаган ал өзүнө-өзү таңгалса дагы, ошол отурган жеринен эле кыйшая берип, жаман жаздыкты башына тарта жазданып көшүлүп уктап кетти.

Бир кезде керемет бир күү кулагына угулуп, башындагы жаман жаздыктан кичинекей кишилер жалаң алтын жүктөлгөн төө кербенин жетелеп чыгып, алдына имере тартып чөктүрүп, аларга артылган баасыз байлыктарды түшүрө салып, келген жолуна салып кайра жаман жаздыктын ичине кирип кетет. Аңгыча кандайдыр шыңгыраган дабыштан ойгонуп кеткен соодагер кыймылдагысы келбей шыпты тиктеп жатып: “Ушунчалык жарды болуп, карызга батып, акча дегенде ак эткенден так эте бергенимден улам эми түшүмдө да алтын тыйындарды көрө баштадым окшойт”,- деген ойдо оң жагына оодарыла бергенде эми түшүндө эмес, өңүндө алтын тыйындын шыңгыраганы кулагына даана угулуп, жан-жагын абайлай караса, баш жагында — жаман жаздыктын жанында жанагы түшүндө көргөн алтын тыйындар үйүлүп туруптур.

Көргөн көзүнө ишене бербеген соодагер тыйындардын четки бирөөсүн акырын алып кармалап, ал тургай тиштеп көрүп, анан ал чыныгы тыйын экенине көзү жеткен соң, өзү бирөөлөрдүкүн уурдап келгенсип коркуп, анан абышканын айтканын эстеп, алтын тыйындарды апчый кармап шыңгырата сапырып, жаман жаздыкты көтөрүп селсаяк абышканын бөлмөсүн көздөй жөнөдү.

Кубанарын же таңгаларын билбеген соодагер ага болгонун болгондой айтып, жаман жаздыгын бергенде абышка эч нерсе болбогондой:

– Бул сенин жакшылыктарыңдын кайтарымы,- деп жаман жаздыгын алып колтугуна кысты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.