Датасы: 21.10.2020
Формат: mp3

Жаздын күнү чиркин жапжаш балдай
Жазгы жамгыр себелейт эч басылбай
Жамгыр менен кошо чуркап бийлеген
Кызды көрдүм аппак көйнөк кийинген
Бийле бийкеч бийлей бергин тартынбай
Тоскоол кылбай карап турдум жалдырай
Мен ал кызга таанышууга умтулдум
Тике карап, таң калгандай бурулдум
Назик колун мага сунуп жылмая
Күлүмсүрөп атын айтты Гүлбайра
Ай Гүлбайра жакты мага атыңыз
Түк түшүнбөйм кереметпи затыңыз
Жибек сымал жамгыр болгон саамайың
Саамайыңдан назик гана сылайын
Мен өзүңө айткым келди шыбырап
Жалгыз сенсиң менин бактым таалайым
Ай Гүлбайра, күтөм сени Гүлбайра
Эстен кетпейт таанышканың жылмая

Один комментарий к “Сыймык Бейшекеев — Гүлбайра тексти”

  1. Алгул Майра деген жеринде чото голос ун пауза сыйактуудай болуп калыптыр
    Зато жакшы ыр

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *