Сыймык Бейшекеев — Качан келесин? тексти

Көчүрүү (скачать)

Суранса укпас, сөзүн далайдын,
Суулардай аккан, күндү санаймын.
Сезимим жыргап, күлүңдөп жүзүм,
Сени алып келчү, жолду караймын.

Кайырма:

Жакшынакайым, жарк деп элесиң,
Жан дүйнөм ээлеп, неге жеңесиң.
Жашыл жарык нур жааган жол менен,
Качан келесиң ай, качан келесиң?

Кантейин күткөн, кездердин көбүн,
Каалабайм сенден, өзгөнүн демин.
Карагым келип, карааның издеп,
Карайып барат, көздөрүм менин.

Кайырма:

Сүрдөнүп бүттүм, тушалып деги,
Сүйүүсүз жашап, утабыз нени.
Кубаты сыйкыр, үмүтү менен,
Кучактап алды, кусалык мени.

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти436
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти60
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Данияр Эрматов - Жолуккум келет тексти21
Толгонай Арзыкеева - Сен менин тексти10
Асанкалый Керимбаев - Көл баяны тексти7
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти7
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти6
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти6
Султан Садыралиев жана Замир Арыкбаев - Кудача кыз тексти6