Сыймык Бейшекеев — Сары кыз тексти

Көчүрүү (скачать)

Кызыл кийсең жарашып,
Кылчак-кылчак карашып.
Кызгалдактай кулпурасың, жаным
Кыштак баары сага ашык.

Кайырма:
Ай сары кыз, сары кыз,
Жүрөгүмө дары кыз
Кулпунайдай кулпурасың, жаным
Курбалдашым сары кыз.
Сары, сары, сары кыз
Жүрөгүмө дары кыз
Кулпунайдай кулпурасың, жаным
Курбалдашым сары кыз.

Жашыл кийсең жарашып,
Жалт-жалт сени карашып.
Улуу-кичүү баары бирдей сүйүп,
Урушабыз талашып.

Кайырма:

Кыялымда өзүңдү,
Кыса кармап энчилейм.
Түбөлүккө колуң бересиңби,
Түшүн мени келчи дейм.

Кайырма:

Сыймык Бейшекеев Сары кыз клип

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •