Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Сурма бар сулуу көзүңдө
Суктанам айткан сөзүңө.
Сыздаса сен деп жүрөгүм
Сырдашкым келет өзүңө.

Кайырма:
Көңүлүм койбойт эркиме
Кол сунам сиздей селкиге.
Кыялым койбойт эркиме
Кызыгам сиздей селкиге.
Акылым койбойт эркиме
Ашыкмын сиздей селкиге.
Көңүлүм койбойт эркиме
Кол сунам сиздей селкиге.

Жалындуу жаштык кезимде
Жанашкым келет өзүңө.
Жарашып турат мүнөзүң
Жалжылдап жанган көзүңө.
Кайырма:
Көңүлүм койбойт эркиме
Кол сунам сиздей селкиге.
Кыялым койбойт эркиме
Кызыгам сиздей селкиге.
Акылым койбойт эркиме
Ашыкмын сиздей селкиге.
Көңүлүм койбойт эркиме
Кол сунам сиздей селкиге.

Жүрсө бир болду элчиге
Жүрөгүм сенин менчиңде.
Чыдабай жаштык өртүнө
Чын ашык болдум өзүңө.

Кайырма:
Көңүлүм койбойт эркиме
Кол сунам сиздей селкиге.
Кыялым койбойт эркиме
Кызыгам сиздей селкиге.
Акылым койбойт эркиме
Ашыкмын сиздей селкиге.
Көңүлүм койбойт эркиме
Кол сунам сиздей селкиге.







Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *