Датасы: 23.01.2026
Формат: mp3

Башында кооз башталат
Жагымдуу сөздөр ташталат
Арага түшкөн ар адам
Турмушуң буза башташат

Азгырып ачууланып
Айтпагың көңүл калып
Ар кандай күндөр башталат

Кайырма:
Сенин көңүлүң калса менин көңүлүмда муздаган
Болду эми токтот өзгөлөрдөн көрүп мени кызганба
Бар беле арабызда ажырашып бөлөк жашаган
Тааныбайм эми сени эсимен такыр кетчи
Сен болдуң мага башка адам

Асманым болуп карангы
Кайгырып тарттым азабын
Теңирим кошконуң менен
Тарады сүйүү баяны

Ишенип жалгандарга
Дос болуп шайтандарга
Иймилбез күндөр башталат

Кайырма:
Сенин көңүлүң калса менин көңүлүмда муздаган
Болду эми токтот өзгөлөрдөн көрүп мени кызганба
Бар беле арабызда ажырашып бөлөк жашаган
Тааныбайм эми сени эсимен такыр кетчи
Сен болдуң мага башка адам


Сыймык Токтогулов — Сенин көңүлүң калса тексти: 8 комментарий

    1. Сыймык бул ырды мен чыгаргандай эле менин жашоо суротоп койутурсун сонун ыр Болуп тур онорун осо берсин!!!

  1. Мен ажырашып кеткемго..мени учун чыгаргансынгоо бугун уктум биринчи жолу.. Ким ортого тушуп жолдошумдун оюн бузгандар Алладан жазасын ала беришсин жон калбасын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *