Бөлбөгүн менин санаамды,
Убара кылба адамды.
Көңүлүм толкуп кубанам,
Көргөндө эле сенин карааныңды.

Өмүрдүн болбойт ченеми,
Өкүнсөң кайта келеби.
Картайып кетсең жаштыкты,
Карызга бирөө береби.

Жаштыкты кимдер самабайт,
Жалган сөз айткан жарабайт.
Берилсе жүрөк бирөөгө,
Башканы да такыр каалабайт.
Унутпайм айткан кебиңди
Камаба ичке демимди.
Таалайлуу жаштар (ой) сырдашып
Татына курбу теңимди.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *