Издей берем тааныш үйдөн,
Издей берем көчөдөн.
Карааныңды мен жоготтумбу,
Түшүмдө гүл төшөгөн.
Кайырма:
Эмне мынча сүйөм сени?
Эмне мынча сагынам?
Кучагыңда денем ысып,
Чачтарыңдан сылагам.
Оюм сенде билсең деги,
Ырым сенде сайраган.
Сендеби дейм мүрөк көлү,
Кышта суусу кайнаган.
Кайырма:
Кайдасың сен, таба аламбы?
Билесиңби сен тилекти?
Адаштырдың, бара аламбы?
Уйкум келбей түн өттү.
Кайырма:
Түшүмдөсүң, жүзүмдөсүң,
Багымдасың сен жайнаган.
Өзүмдөсүң, көзүмдөсүң,
Канымдасың сен чанбаган.
Кайырма:
Таалай Бектурганов — Эмне мынча сүйөм сени? тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 6650