Бир мамлекеттин эли дайыма эле аба ырайына нааразы экен. Эгер аптап болуп кетсе алар Күндү сөгүшчү. Ал эми суук болсо шамал менен ызгаарды урушчу экен. Жамгыр жааса асманды күнөөлөшүп, ай толуп чыкканда өтө эле жарык кылып уктатпайт деп айга нааразы болушчу экен.

Ошондо шамалды башкарган периште аларга шамал турмак желди да жибербей койот. Шамалсыз, абадагы кыймылсыз дарыялар агымын азайтып, коюу май сыяктуу араң агып калат. Андыктан суулар ичкенге жараксыз болуп, андагы балыктар бүт кырылат.

Ал эми жамгырды башкарган периште жамгыр жаадырчу булуттарын асмандагы кампасына камап, таптакыр чыгарбай койот. Ошентип жамгыр такыр жаабай калып, топурак катып таш болуп, өсүмдүк өспөй дыйкандардын эмгеги текке кетет. Жаныбарлар үчүн жер үстүнөн жээрге эч нерсе табылбай, чөп издеп бул өлкөдөн жер ооду болуп кетишет.

Мындан соң асмандагы күндү жандырчу периште чыгып, күндүн теңинен көбүн өчүрүп, эми жарыкты караңгы жеңе баштап, түн күндөн алда канча узак болуп кетет. Адамдар жер үстүндө араң басып, көбүнчө чалынып жыгылышып, ар нерсени сыйпалап билип, адашып үйүн араң таап калышат.

Бир кезде күн жарыгын ысык деп, жамгырды суу кылды, шамалды үшүттү деп кесир кылган адамдар эми алардын жоктугунун азабын тартып, баркын билип, баары бир казандан аш ичип, бир үйгө сыгылышып батышып, бири-бирине жылуулуктарын өткөрүп, бир кезде кенен өргөөгө эки үй бүлө батпаса эми жаман алачыкка он түтүн эл баш калкалап, ынтымактын баркына жетишет.

Айтор, мурда алар жыргап жашап жүргөндөрүн эми гана билишет. Өкүнүшөт, өкүрүп ыйлашат.

Ошондо акылдуу кедей элди бул кырсыктан куткаруунун жолун табат. Ал күндү, шамалды, жамгырды дегеле баардык табиятты башкарган Периштелерден, алар баш ийген Жараткандан кечирим сураганды, жер үстүндөгү өзгөрмөлүү аба ырайын калыбына келтирүүнү тиленип, сыйынганды үйрөтө баштайт. Бара-бара күн-түн мурдагы калыбына келип, жамгыр капысынан төгө баштап, шамал аркырап согуп, аба ырайындагы капыстыктар калыбына келип, жашоосун ошого жараша сүрө баштаган эл эми табияттагы өзгөрүүлөрдү сөкпөстөн, аларга тетирисинче кубанып жашай башташат.

Ошондуктан табиятта жаман аба ырайы болбосун билип, жамгырда суу болсок же мээбизге аптап өтсө, болбосо шамалда кайыксак жаратылышты сөкпөстөн, андан улам бирөөлөргө жакшы болуп жатканын билип, түшүнүп, ал тургай сүйүнүп, табият менен эриш-аркак өмүр сүрүшүбүз керек экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Табиятта жаман аба ырайы болбойт: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *