Сөзү, обону Элдики
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай тепкин келинчек.
Жибек жоолук үлпүнчөк,
Жигит кыздар чогулуп,
Тебе турган селкинчек.
Тээп өткүн, келинчек,
Кызыл жоолук үлпүнчөк,
Кыз-келиндер чогулуп,
Тебе турган селкинчек,
Тээп өткүн, келинчек,
Сүйүмкандын селкинчек,
Сүйүтбектин келинчек
Бири-бирине карашып,
Күйө тепкин келинчек.
Кызыл жоолук түрдөй жан,
Кыз-келиндер гүлдөй жан.
Жашыл жоолук түрдөй жан.
Жаңы чыккан гүлдөй жан.
Андай теппей мындай теп.
Селкинчегиң селкилдейт,
Беш көкүл чачың желпилдей
Короодогу селкинчек,
Козголуп тептик эркиндеп, Андай теппей мындай теп.