Сен кеттиң үзүп сезимди
Талкалап куунак кезимди
Бааланбай бийик арзуулар
Акыры менден кечтиңби
Билсең кетсең кете бер
Азапка мени сала бер
Маңдайга жазган тагдырдан
Качабыз кантип айтып бер
Алыстан мейли кете бер
Менсиз да канат кага бер
Арманга толгон сезимди
Күйгүзүп отко жага бер
Мейли эми эмне демекмин
Барктаган жанга керекмин
Билгенде сага сезимди
Байламак эмес экенмин
Тариэл Турдубаев — Кете бер тексти
Датасы: 12.05.2022 Көрүүлөр: 695