Илгери бир отунчу болуптур. Токойдун четиндеги жаман там үйдө аялы экөө жашаган экен. Күнүгө балтасын көтөрүп алып токойго отун кыйганы жөнөйт.

Бир күнү токойдон ырылдаган, онтогон үндү угуп калды. Эмне болду деп барып караса, буту шишип баса албай калган чоӊ арстанды көрдү. Отунчу кайраттанып, ага жакын басып барды. Анда арстан кишиче сүйлөп жиберди:

— Адамдын баласы, мени угуп турчу, таманыма тикенек кирип ириӊдеп, бастырбай калды. Жакшылык кылып тикенекти сууруп салчы!

Ал эӊкейип тикенекти сууруп, таманын тазалап берди. Ошондон кийин экөө ысык дос болуп калды. Арстан отун жыйнашып, үйүнө чейин жеткизип койчу болду.

Отунчу бир күнү арстанды үйүнө конокко, тамак ичкенге чакырды.

— Сен эмне каалаганыӊды аялым даярдап берет, — деди ак көӊүл отунчу. Арстан адегенде жакшы эле каршылык кылды:

— Силер адамсыӊар, мен айбанмын. Адам менен айбан дос боло албайт ко.

Бирок отунчу аны кайта-кайта айтып жатып көндүрдү. Арстан койдун башы менен шыйрактарын бышырып берүүнү суранып, акыры үйүнө бармак болду.

Айтылган күнү арстан келди, баары дасторконго отуруп тамак жей башташты. Ал койдун шыйрактарын сугунуп жеп, шилекейи ээгинен агат. Аны көргөн аялы бырышып тыржыя калды да күйөөсүнө күбүрөдү:

— Э, чалым, үйгө деги кимди алып келгенсиӊ? — Аны уккан арстан айкырып жиберди, анан акырын айтты:

— Мен сага айткан жок белем, адам менен айбандын ортосунда достошуу мүмкүн эмес деп? Кана, тургун да балтаӊды алып бар күчүң менен мени башка чап!

— Биз экөөбүз чынында доспуз да, — безеленип жиберди отунчу.

— О, адам, экөөбүз жеген нан-туздун кусуру үчүн! Эгер азыр мени урбасаӊ, мен аялыӊ экөөӊдү кошуп тамтыгыӊды чыгарам!

Отунчу чындап коркуп кетти. Балтасын ала коюп арстанды болгон күчү менен башка чапты. Арстан башы канжалаган бойдон чыгып кетти. А отунчу көпкө чейин токойго барган жок.

Бир күнү отуруп өзүнө айтты:  «Эмне болсо да көрөйүн, арстан тирүү бекен, барайын».

Токойго кирип арстанды аман-эсен көрүп, ага айтты:

— Деги тирүү барсыӊбы, досум?

Арстан жооп берет:

— Көрдүӊбү, балтадан алган жаракат айыкты, анысына шүкүр. Бирок сенин аялыӊ айткан сөздүн жарасы айыккан жок, айыкпайт да! Себеби сөз менен жаралаган айыкпас болот. Баргын да, мындан кийин бул жакка жолобо да, көзүмө көрүнбө! Эми кезиксеӊ – кесектеп салам!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок52
Акылдуу балдар30
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *