Пекче мамлекетинин борборунда То Ми аттуу  киши жашаптыр. Анын аялы абдан сулуу болгонуна жараша  адамгерчиликтүү, мээримдүү, акылдуу жана ыймандуу экен. Кыскасы, ал аялдын төрт жагы төп болгон дешет. Ошондон улам анын даңкы далайга кетип, акыры ал жөнүндө император да угуптур.

Бирок анын эң жакшы аял экенине король ишенбей; “сулуу, ыймандуу, акылдуу дагы аял бул жарыкта болбойт”,- деп ойлонуп, анан өз желдеттерин  жиберип  То Мини ак сарайга алдырып келет.

Ал байкуш улуу даражалууга эмнесинен жазганын билбей башы менен жер сүзө чөгөлөп отурат.

–  Демек, То Ми деген сен экенсиң да ээ!- деп сурайт андан король.

– Менмин өкүмдарым,- деп жооп берет То Ми.

– Анда айтчы То Ми, аялдын эң асыл сапаты кайсы?

– Күйөөсүнө болгон актыгы, берилгендиги, өкүмдарым.

– Сенин оюң боюнча аял күйөөсүнүн алдында өмүр бою ак боло алабы?

– Ак боло алат, өкүмдарым.

– Балким ал кооз сөздөргө алданып же жылтыр-жултурга кызыгып, дагы бирдемелерге азгырылып, күйөсүнүн көзүнө баары бир чөп салып жүрбөсүн,- деп король То Мини теше тиктейт.

– Ар бир аялдын жан дүйнөсүнө эч ким кирип чыга албайт. Бирок мен колуктума өзүмө-өзүм ишенгендей эле ишенем.

Муну укканда король таңгалса да, ишенбесе да То Минин аялын сынап көрмөкчү болот.

Бул үчүн ал кызматкерлеринин бирин королчо кийинтип, То Минин аялына жиберди. Ал эми То Минин өзүн ак сарайдан чыгарбай кармап турду.

Ошентип  То Ми жашаган айылга алгач чабарман жетип улуу урматтуунун келатканын кабарлап, андан соң ак боз аттар чегилген  аппак каретаны жан-жөөкөрлөр, куралчан  аскерлер коштогон  королдук топ көрүнүп, алар көчөдөгү элдерди ары-бери кубалап, То Минин үйүнүн так алдына токтошту. Мындан улам жүрөгү түшүп калган То Минин аялы бүжүрөй басып чыгып, калп падышанын алдына чөгөлөп отура калды.

– Сен То Минин аялысыңбы?- деп каардуу түрдө сурады жасалма король.

– Менмин, улуу урматтуум,- деп аял калчылдай коркуп жооп берди.

– Мен сенин сулуулугуңду эбак эле угуп, ак сарайыма алдырсам деп жүрчүмүн.  Мен андан сени жөн эле тартып алсам деле болмок, бирок антким келген жок. Ошон үчүн мен аны ак сарайыма алдырып, ага карта ойноону сунуш кылып, ал макул болуп, экөөбүз эки күн бою ойноп, акыры мен сени андан утуп алдым. Ошондуктан бүгүндөн баштап сен меникисиң. Тезирек даярдан! Азыр мени менен кетесиң!

Муну укканда аялдын жан дүйнөсү аңтар-теңтер түштү. Өзүн жоготуп баратып анан То Ми эч качан картага бирдеме сайып ойнобосун, өзгөчө өзүн ортого койбосун билген ал бул жөн гана алдоо экенин түшүнүп, алдамчылыкка куулук менен жооп берүүнү чечти:

– Падышам, азыр мен бир аз даярдангыча күтө турасызбы,- деди. Ал королдон башка бирөө болсо бетине түкүрүп, тартип сакчыларына салып бермек, бирок король менен тамашалашууга болбойт, анын үстүнөн эч кимге арыздана албайсың, анткени ага бир эле Кудайдын алы жетпесе эч кимдин алы жетпейт эле.  Ошентип үйгө кирерин киргени менен эмне кыларын билбей турганында үстүнө үй кызматкер кыз кирип, өзүнө кийимдерин кийгизип, королго берүүсүн сунуштады. Ошондой кылышты. То Минин аялы жер төлөгө жашынып калды да, анын кийимин кийген үй кызматчыны жасалма король ак сарайга алып кетти.

Чыныгы император кызматчысы тапшырган ишин чала аткарып, То Минин аялынын ордуна анын үй кызматкерин алып келгенин билгенде каарын катуу төгүп, желдеттерин жиберип аны алдырып келип, алдамчыны жазаламак болду.

– Сен эмне үчүн ааламдагы Кудайдан кийинки эле улуу даражалуу адамды алдадың? Бул үчүн эмне болоруңду билесиңби?- деди король аялды жекире карап.

Үйүнө барган башка адам, азыр суракка алып жаткан башка киши экенин баамчыл аял дароо билип, жөн жайды түшүнүп, андан улам мындай деди:

– Улуу урматтуум, сиз мени өзүңүзгө татыктуу санап жатканыңыздан кийин, менин кийимимди кийген кызматчы кызым сиздин кийимиңизди кийип барган кызматкериңизге  татыктуу эле го дейм,- дегенинде король өзүн бул аял оңой эле жеңип койгонун түшүнүп, анын күйөөсүнүн алдындагы ала жипти аттабаган актыгы менен акылынын зиректигине таң берди да, чындап эле ал сейрек аялзаты экенине көзү жетип:

– Сен мага жактың. Сендей акылман аялдын кеңеши мага да керек. Акыңа мамлекетимдеги каалаганыңды ал,- дегенинде:

– Рахмат улуу урматтуум, сиздин амириңиз менен мамлекетиңиздеги каалаганымды тандачу болсом, анда мен өзүмдүн күйөөм То Мини тандадым. Ал эми кеңешчиликке келсем, мен сизге То Ми күйөөмдү кеңешчи кылып берейин. Эгер сиз менин кеңештериме муктаж болсоңуз, күйөөм аркылуу берип турайын.

Бул жүйөлүү сөзгө макул болгон король дароо токтом чыгарып, То Мини өзүнө кеңешчи кылып алып, ошондон кийин анын иши алга жүрө баштаган экен. Муну эл королдун кеңешчисинин кеңешчиси күчтүү экендигинен көрүп жүрүштү.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Көмөч нан (колобок) жомок16
Нооруз жөнүндө жомок16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *