Бир кыз жашаптыр, аны Жибек чачы – Торко-чачак деп аташчу. Көздөрү карагаттай, каштары – иймейип күн желесиндей. Чачтарына таккан үлүл кабыгы жалтырап, топусунда жибек чачысы бар эле, анысы апаппак, тим эле ай жарыгындай ажайып.

Бир жолу кыздын атасы ооруп калды. Ошондо апасы кызына айтат:

— Ак боз атыңды токуп мин да кызым, ушул дайранын тээ төмөн айылындагы Телдекбай каманы чакырып кел, атам ооруп атат, көрүп бериңиз де!

Кыз маңдайында кашкасы бар ак боз атты минди, сол колуна чылбырды кармап, оң колуна сөөктөн келиштире узанган камчыны алды.

Ак боз ат желип жөнөдү, жылкычы чымчыктын куйругундай жүгөнү желпилдеп, ат жабдыктарына тагылган майда жылаажындардан чыккан үндөр жагымдуу шыңгырайт.

Телдекбай кама суу жээгиндеги айылына тигилген үйүнүн алдында отуруптур. Ал курч бычагы менен ак кайыңдан чөйчөк кылып жонуп аткан. Ат дүбүртүн жана ага кошулган коңгуроолуу добушту угуп кама башын көтөрдү жана ак боз ат жалындагы кызды көрдү.

Кыз ээрде бекем отурат, башындагы жибек чачпагы шамалга ыргалып, чачындагы үлүл кабык өзүнчө жагымдуу үн чыгарат.

Каманын колунан бычак ыргып кетти.

— Чоң ата, – кыз жалынып кирди, – чоң ата, менин атам ооруп калды, жардам кылыңыз?

— Мен сенин атаңды айыктырам Торко-чачак, эгер сен мага турмушка чыксаң?!

Анын каштары чым сыяктуу коюу жана аппапак эле. Сакалы болсо – тикендүү бадалдардай, көзүнөн башталып, жерге жетет.

Торко-чачак чочуп кетти, тизгинди силкип, атына камчы басты.

— Эртең таң менен кошо барам! – Телдекбай кыйкырып кала берди.

Чапкан бойдон кыз үйүнө жетти жана бир гана сөз айтты:

— Эрте менен Телдекбай мында болот!

Асманда топ жылдыздар али тарай электе, жайытта али уйлар саала электе, казанда эттер кайнай электе, жерге ак кийизди али салыша электе ат туягынын дүбүртү угулду.

Зобололуу Телдекбай каманы тоскону аксакалдын баары чыкты. Ал сапсайган түктүү, тоо сарлыкындай* далдайган атында жайдак минип туруптур. Эч ким менен амандашпай да, сүйлөшпөй, эч кимге көңүл да бурбай, шашып-бушуп айылга кирди. Артынан аксакалдар эки пуд* келген сыйкыр тонун көтөрүп алышкан, аны алар ак кийиздин үстүнө коюшту. Жыгач шакка жылаажын* тагып, ошол жылаажын астына арчанын бутагын коюп, аны түтөттү.

Күн бою, таң аткандан кеч киргенче кама башын жерден албай, сүкүт салып* кыймылсыз да, үнсүз-сөзсүз да отурду.

Түн бир оокумда Телдекбай кама ордунан турду. Сыйкырдуу кызыл тебетейин каш-кирпигине чейин түшүрө басып кийди. Тебетейинде үкүнүн канаттары тагылган, ал кош кулак сыңары эле. Артында болсо тебетейинин кыйындысы эки канаттай шалбырайт. Бетине мөндүрдөй чоң-чоң айнек мончоктор түшүп турат. Эки пуд тонун кийиз үстүнөн эңип көтөрүп, оор колдорун жеңине киргизди. Тон капталына бакадан, жыландан жасалган сыйкырдуу дары-дармек илинген, жонунда болсо кызыл ыштан тоңкулдактын канаты ары-бери термелеп турат. Кам жыгачта илинип турган тери жылаажынды алды да, аны оор таяк менен чапты. Тоо жыңыргандай бүт айыл алаамат жаңырды. Кишилер коркуп үрөйү учту. Кама болсо улам катуулап, улам күчөй берди. Бир убак баары тып токтоду. Күн күркүрөгөндөй бир үн кулакка угулду да, кайра заматта жок болду, анан тегеректи жымжырттык ээледи.

Телдекбай маңдайындагы терин аарчып, ак кийизге көчүк басты, колу менен каш-кирпигин түзөп, табакта турган текенин жүрөгүн алып, шарт жеди да мындай деди:

— Торко-чачакты айылдан айдап жибергиле! Анда жин-шайтандар толуп алган. Ал бул айылда жашаган болсо, анда атасы эч качан айыкпайт. Мындай балакет-мээнетти айылда гана эмес бул өрөөндө кармоого болбойт. Кесири баарыбызга тийип, балдар балакатка жетпей каза табат, алардын аталары менен чоң аталары жаман өлүм менен оо дүйнөгө аттана беришет.

Муну угуп эркектер алакандары менен жүздөрүн калкаласа, аялдар коркунучтан тик карай албай, жер тиктешет. Балдар болсо Торко-чачакты эки жолу карап эки жолу кызарды, эки жолу кубарды.

— Торко-чачакты жыгач челекке салгыла да, аны тогуз жеринен темир алкак менен ороп, ичинен жез мыктар менен бекемдеп, албуут дайранын шар аккан жерине ыргыткыла! – Кама катуу буйрук кылды.

Ошентип айтты да жүнү чубалып өскөн атына минип өзүнүн ак өргөөлүү айылына кете берди.

— Эй, э, – деп кыйкырды ал кулдарына келип, – суу жээгине барып тургула! Андан чоң жыгач челек агып келет, аны кармап мага жеткиргиле да, өзүңөр токойго кирип жоголгула! Ый уксаңар — көңүл бурбагыла. Ызы-чуу, кыйкырык чыкса байкамаксан болгула! Үч күн өткөнчө менин айылыма кайрылып бирөөң да келбегиле!

Берки жакта – суу башында жети күн, жети түн журт котолоп, каманын чечимин аткара албай атышты. Жети күн, жети түн айыл кыз менен коштошо албай турду. Сегизинчи күн дегенде Торко-чачакты жыгач челекке отургузуп, үстүн-астын жез мыктар менен пукта мыктап, сегиз жеринен темир алкак курчады. Анан көпчүлүк көтөрүп барып күкүктөнгөн шар сууга ыргытты.

Ошол күнү астыңкы айыл менен үстүңкү айыл ортосунда дайранын суу жемирген жээгинде бир балыкчы бала жүргөн. Бала тоголок жетим, аты Балыкчы эле.

Бала челекти көрдү, эптеп сүзүп жетти да, аны тартып жээкке чыгарды. Алачыгына алып келип, ичин ачса — кыз.

Балыкчы балтасын кандай кармап турган болсо, кызды көрүп ошентип каткан бойдон тура берди. Чегирткедей жүрөгү секирип атты:

— Атың ким? – Бир убак эсине келгендей жигит ушинтип сурады.

— Торко-чачак.

Кыз челектен чыгып, Балыкчыга ийилип таазим кылды.

— Сени мынтип челекке ким салды?

— Телдекбай кама.

Аны угар менен Балыкчы бир ышкырды эле, илбирстей болгон алгыр ити кайдан-жайдан жете келди. Эми баягы челекке итти отургузду да, куду мурдагысындай кылып жапты, анан аны сууга агызды.

Сууда агып келаткан жыгач челекти көрүп көптөн бери күтүп аткан малайлар аны дайрадан чыгарып алышты. Телдекбайга көтөрүп жеткирип, өздөрү артын да карабай токойго кире качты.

Ошо кезде кыйкырык угулду. Телдекбай артыңарды карабагыла деген да, артын карашпай, кыйкырыкты укса да укмаксан болуп ормондун орто жагына сүңгүштү.

— Жардам! – Кама кыйкырып жатты. – Жардам!

Малайлар каманын айтканын кылды. Кыйкырыкты угушту, бирок барышпады.

Алар үч күндөн кийин гана Каманын өргөөсүнө келишти. Кама жаны чыгар-чыкпас болуп жерде жатыптыр. Кийимдери тытылган, сакалдары жулунган, каш-кирпиги үксүйгөн, өзү өң-алеттен кеткен.

Торко-чачак көк алачыкта калбады беле. Аны карап Балыкчы да балык уулаганы чыкпай койду. Канча жолу кайрымагын колго алып дарыя жакка жөнөйт да, артын караса ай чырайлуу аппак кыз турат, анан буту суу жакка тартпай, кайра чөп алачыгына кайрылып келет. Ал Торко-чачактан такыр ажырай албай койду. Ананчы, көздөрү карагаттай, каштары – иймейип күн желесиндей. Чачтарында Чинден* келген үлүл кабыгы жылтырап, топусунда жибек чачысы бар эле, анысы апаппак, тим эле ай жарыгындай ажайып эмес беле. Ошол. Анан кантип андан бөлүнсүн.

Бир күн анын аргасын да кыз өзү ойлоп тапты: ак кайыңдан кесип алып ага өзүнүн ай чырайлуу бетин, карагаттай кара көзүн, күн желедей каштарын тартып жасады, куду өзү болуп калды, аны таяк башына кадап, балыкка бараткан Балыкчыга карматты. Эми Балыкчы кайда барса да жасалма «Торко-чачагын» ала барат, аны менен сүйлөшөт, көздөрүн албай карай берет, карай берет.

Бир күнү чоң балык астына тийип, таягы бошоп, жанагы «Торко-чачагы» тоголонуп түшүп, андан ары кирген суу менен агып жөнөйт.

Аны угуп кыздын үрөйү учат, ыйлайт, каш-кирпигин жулуп, чачтырын уйпалап кирет.

— Эми жанагы аккан жыгачты – «мени» ким тапса, ал мында издеп келбей койбойт. Бол шашыл, бол тез, жеткин да кебимди суудан кармап кел! – Кыз Балыкчыга кыйкырып атты. – Тезде, тери тонуңду тескери кий да, көк өгүзгө минип, жээк бойлой ылдам жүр!

Кыз айткандай кылып жигит көк өгүзгө минип, тери тонун тескери кийип суу бойлой жүрүп отурду.

Жанагы кыз келбети келиштире түшүрүлгөн тактай узап кетиптир, аны кууп жетүү кыйын болду.

Бир жерге агып келип «Торко-чачак» кеби бир талга илинип, андан ары дарыя нугу менен кең талааларга кетпей калды.

Бул аймакты Кара-каан ээлеп турган. Анын сансыз көп ак жана кызыл малы жайытта жайылып жүргөн.

Бир күнү койчулар кызыл жапан* талда илинип турган жанагы кыз кебетеси түшүрүлгөн жыгачты көрүшөт. Жакын келип карашса эле бир керемет – «кыз»: баш кийимдери сууга түшүп агып, малдары жайыттан жайыт кыдырып кетет.

— Ии, бүгүн кандай майрам? Бүгүн кимдин үйлөнүү тою? – Койчулардын түрүн көрүп Кара-каандын казабы* кайнады. – Эй, силер! Арамзалар!

Ал жыш бутактарды көтөрүп карады эле, караса – кыз. Анын эриндери кызгылтым тартып өзүнчө бир гүл сыңары, көзү – карагаттын мөлтүрөп бышкан кезиндей, каштары – иймейип күн желесиндей, кирпиктери атыла турган жебедей. Ушуну көрдү да Кара-каандын колундагы чырпыктар жерге түштү.

Кыз кебин колуна алды да ал каргылданган каардуу үнү менен ай-талааны жаңырта чыңырды:

— Эй! Балбандар, баатырлар, алптар, тайбастар! Азыр тез атыңарды мингиле! Эгер ушул кызды таппасак, анда мен силердин жүрөгүңөрдү найза менен сайып чыгып, көкүрөгүңөрдү жебе менен тешемин, өзүңөрдү болсо тирүүлөй казанга салып кайнатам!

Жигиттер аттарды чапкан бойдон суу башын карап кетти. Артынан кызыл жез жана сары коло курал-жарагын алып калың кол* жөнөдү. Эң артында үстүндө киши жок, жасалгалуу ак боз жорго бараткан.

Бул калың аскерди көрүп, Торко-чачак ыйлаган да, күлгөн да жок. Унчукпай жоргого жакын барды, анын атайын жасалган бермет ээрине коомай минди.

Ошентип жан адамга ооз ачпай, жан адамдын жалбарган суроосуна жооп катпай, же бир каршылык көрсөтпөй, же бир ыйлап-сыктабай Торко-чачак хан ордодо жашап калды.

Оо кыйла мезгил өткөн соң бир күнү эле эрте менен далиске* чыгып, күлүп атат, анан туруп эле ырдап да ийди. Мындайды ким күтүптүр? Бул эмне болуп кетти деп Кара-каан кыз караган тарапты карай салса, аякта бирөө келатат: тери тонун тескери кийген, көк өгүзгө минген.

— Сенин көңүлүңдү ушул сандырак көтөрүп жибердиби? – Кара-каан канча күндөн бери бир күлбөгөн Торко-чачакка жини келди. – Керек болсо, андай кылып мен дале тонду тескери кийе алам, көк өгүзгө коркпой мине алам! Ошондо сенин маанайың өзгөрүп, күлүп, ырдап каласыңбы?

Ошентти да жини келген Кара-каан жакын келген Балыкчынын тонун жулуп алып, ага окшоп тескери кийди, анын өгүзүн минүүгө аракет кылып, адагенде тизгинден кармап, анан темир үзөңгүгө сол бутун салды.

— Моо, моо! – Өгүз булкунуп, хандын оң бутун өгүздүн ээринен ашырганча үркүп ханды тоомо тоо, токоймо токой алып кетти.

Анын кол астындагылар бүт карап турушкан эле да. Алар мыскылдашты. Сооп болду дешти.

Кара-каандан уяттан кара боору эзилип, каардан тегерек жүрөгү тешилип өлдү.

Торко-чачак болсо жетим балыкчы жигит Балыкчыны оң колунан кармап, экөө баягы өздөрүнүн жаман чөп алачыгына кайтып келишти.

Силер да ошол экөөнө окшоп өз бактыңарды издеп тапкыла.

Бул жомок ушинтип тамам болот.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *