Тулку менен Кене дос болушат. Жаз келип, жер айдоо башталат. Тулку менен Кене да эгин айдамакчы болушат. Талаада Кене жалгыз озу иштейт, а Тулку ар кайсы шылтоону айтып, жалкоолонот. Бир куну ичи, бир куну башы ооруп, кымыз ичип келуу учун кете берет.

Тулку менен Кене 2

Кене жерди айдайт, эгинди себет, сугарат, остурот. Куз келип, эгин бышат. Аны да Кене жалгыз озу жыйнайт. Анан тоодой болуп уйулгон буудайды коргон Тулку кууланып мындай дейт:
— Кене, кел экообуз жарышабыз. Ким биринчи келсе, буудайды ошол алат.
Анда Кене:
— Макул, жарышса жарышалы,-дейт.
Экоо чуркай турган жерди белгилешет. Жаны эле чуркай баштаганда Кене Тулкунун куйругуна жабышып алат. Тулку эси ооп, белгиленген жерге жетип, эки жагын карап, силкингенде Кене куйруктан секирип тушуп, туруп калат. Тулку «мен биринчи келдим» деп ойлоп, суйунуп турган болот. Анан Кенени коруп:
— Ой, сен качан келдин?- деп чочуп кетет.
— Келгеним качан? Сени куто берип тажап кеттим,- дейт Кене.
Ошентип, Тулку жалкоолугунун айынан буудайдан кур калат. А эмгекчил Кене буудайды алып, жыргап жашайт. Ушинтип экоонун достугу бутот.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак38
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Тулку менен Кене: 4 комментарий

  1. Баламды кыргыз мектепке бергеним учун ар Кун жомок окуп беруу милдеттке айлантып алдык Чон Рахмат ❤️ сиздерге

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *