Байыркы заманда беш эчкиси, жалгыз кара кашка текеси бар кемпирчал болуптур. Чал жандын кичинеси болгондуктан, эч кимге алы жетчү эмес. Ал ар дайым кашка текесин токунуп, минип, эл ичинде эмне кеп бар экенин байкап кайтчу. Кемпири экөө элден алыскы дарыянын боюнда камыштан калоочу бар жаман үйдү.мекен кылып, жанын багышчу

Тырнактай чалга түлкү, турна, каргалар эң эле кас. Аларга жолукканда чал кемпирине жашынып, аран, кутулат. Көргөн адамдар да мунун алсыздыгын айтып, шылдың кылып күлүшөт.
Күндөрдүн биринде дөө тырнактай чалды издеп чыкты. Чал дөөнүн келе жатканын ыраактан көрүп, кашка текесине минип, бирок аны көрмөксөн болуп, кайкыйып туруп калды. Дөө жакын келип салам айтты эле, алик алган жок.
— Чал, сен көөп калыпсың, неге алик албайсың? Шашпа, сага бирди көрсөтөйүн! — деди дөө ызаланып.
— Ушул жактан кара дөө кабылан кармап келмек. Келсе, ошол кабыланды минип алып, ак дөө менен беттешмек элем. Ошону карап турам,— деди чал дөөнү тоотмоксон болуп.
— Ээ көпкөн чал, сен айткан ак дөө менмин. Эгер урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай турсаң — чык бери!.. Кармашсаң — кармашам, чабышсаң — чабышам,— деди ак дөө.
Анда байкуш чал баатырсына күлүп:
— Мына кызык тамаша, мунуң ырас болду… Издеген жооң өзү келсе — кудайдын бергени эмеспи. Эми сен шашпа. Кабылан келсин, аны минип, алып, кан майданга анан чыгайын. Бирок агачейин чегишмекчертишмектен оюн баштап, күчүбүздү сынап көрсөк кантет?— деди.
Дөө чалдын сунушуна көнүп берди. Чал бир аз ойлонуп туруп — эгер сен капа болбосоң, азыр эмес, так ушул жерге эртең келип, жердин ичегикарды менен мээсин чыгара тепсек… Ошондо ким жеңилсе — өмүр бою багынып берсин. Сен муну жакшылап ойлонуп көрчү,— деди.
Дөө ойлонуп туруп макул болду.
Чал кемпирине келип, дөө менен кылган убадасын айтып, кеңеш сурады.
Кемпири минтип айтты:
— Беш эчкинин бирин союп, ичегикардын болжогон жериңе көмбөйсүңбү да, эртең барып былч эттире теппейсиңби!
Чал кемпирдин айтканындай кылды. Эртеси чал ак дөө менен баягы жерден дагы жолугушту.
— Кезек сеники. Дөө эмессиңби, өзүң билип былчыйта тепкин — деди чал.
Дөө күүлөнө чуркап келип, керилип туруй тепкенде, буту жерге тизесине чейин кирип кетти. Бирок жердин ичеккарды чыккан жок.
Кезек анан чалга жетти. Чал тепеңдеп чуркап келии, өзү көмген ичегикарынды жерден чыгара тепти.
— Кана эми, жердин мээсин чыгара тебели — деди чал.
Дөө макул болду. Биринчи кезекти тырнактай чал алды. Ал баягыдай эле тепетең чуркап келип, көөмп койгон мээни тээп чыгарды. Дөөнүн кыжыры кайнап, алда кайдан чуркап келип катуу тепкенде, жер солкулдап, карагайлар качырап, далайы сынып дөөнүн өзү кекиртегине чейин жерге кирип кетти.
— Ак дөөм, өз күчүбүздү сынашып алдык. Кийинкисин дагы көрөрбүз. Бүгүн биздикине конок болгун, — деди чал.
Эси чыгып, шайы кеткен дөө айласыз көнүп, экөө чалдын үйүнө жөнөштү. Үйгө жакындаганда, тырнактай чал:
— Кемпир! Оо, кемпир! Конок келатат… орун жайгын, орун жайгын! — деп кыйкырды.
Дөө босогону керипчоюп, үйгө араң кирди. Башы чамгарактан чыгып калды.
Тырнактай чал кемпирине көзүн кысты. Кемпир чал эскерткендей алачыктан чыгып:
— Чал!.. ээ, чал! Конокко кайсы эттен салайын? — деп кыйкырды.
— Кайсы эттен салмак элен, кара эчкинин этин сал, ал аз келсе, баштагы дөөнүн башын сал, ортодогу дөөнүн төшүн сал, ал жетпесе, мында отурган дөөнүн оң бөйрөгүн оюп сал!
Дөө чалдын сөзүнөн коркуп ордунан ыргып туруп, качып жөнөдү. Тырнактай чалдын алачыгы анын мойнуна илинген бойдон кошо кетти.
Качып баратып, дөө түлкүгө жолукту. Түлкү ырсаңдап күлүп:
— Дөө аке, аябай коркуп алган түрүң бар. Баса, көпкөн чалдын алачыгын мойнуңа иле качышың кандай? — деп жойпуланды.
Дөө болгон окуяны айтып берди.
— Оо, аңкоо дөөм, акылыңдын жоктугун кара! Мен анын айранын тартып иччүмүн. Ал чалдын кенедей дарманы жок. Жүр, мени менен, чалды азыр эле колуңа салам, — деди түлкү.
Дөө бир топко дейре макул болбой, бирок түлкү оюна койсунбу: .
— Жүр, жүрөгүң жок бейм. Корксоң, менин куйругумду кармап ал, — деди.
Дөө түлкүнүн куйругунан кармап, чалды көздөй женөдү.
Тырнактай чал түлкү менен дөөнү көргөндө, каткырып күлүп:
— Кайран түлкүм, казына мүлкүм, качкан дөөнү кармап келаткан турбайбы. Бали!.. Карызыңдан кутулайын деген экенсиң. Келе бер, келе бер, ак дөөнү соёлук да, этине тоёлук, — деди.
Дөө чалдын сөзүн угуп, чын эле алдаган экен деп, түлкүнүн куйругунан толгой кармап, жергө былчыйта чаап, өзү кайра качты. Тырнактай чал түлкүнүн терисин сыйрып, өз касынан кутулганы үчүн өтө кубанды.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок23
Кырк калп жомок21
Нооруз жөнүндө жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *