Биз турмушта аталардан кеч келип,
Тээ батыштан согуш отун кечпедик.
А аталар төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.
Биз турмушта агалардан кеч келип,
Тээ алыстан адам канын кечпедик.
А агалар жаңы баскан биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.
Өткөн согуш кан майдандан сес берип,
Турат бүгүн бардык жерде эстелик.
Гүл ордуна койдум ушул ырымды,
Аталарды, агаларды эскерип.
Түгөлбай Казаков — Эстелик тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 15769
Ооба жакшы ыр
Жакшы ыр
Биринчи строчкасы бул турмушта деп жазылат эле го