Датасы: 19.03.2025
Формат: mp3

Ал каректер кайда кимге тигилип
Аппак сүйүү каректерден билинип
Эс үчүмдү жоготчумун сен менен
Ал каректер кайда кетти чегинип

Ошндогу каректерин аттиң аай
Сүйөрүңдү карек менен айттың аай
Жоодураган көздөрүңө жазылып
Ошол көзгө чөгүп кана кеттим аай

Биз адаштык таарынышып эмнеден
Кадыр күтүп катуу түрүп мен сенден
Текеберлик тосуп салды жолдорду
Сурабастан кечиримди сен менден
Сурабастан кечиримди мен сенден

Бүткүл аалам жаралгандай биз үчүн
Сезер элек чын сүйүүнүн ал күчүн
Байкабагам аалам чөгүп кетсе да
Бир сен болсоң жетер эле мен үчүн

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *