Тоонун чокусунда бачиги менен жаткан түлкү ойдуңдагы алоолонгон өрттү тиктеп, жалындын илебине өзү кошо күйүп аткансып күйпөлөктөгөнүн көргөн бачик энесинен сурайт:
– Биякта туруп сиз эмне болуп атасыз?
– Ойдуңдагы жалын өрттөн мен да күйүп атам.
Бир убакта жанында жаткан бачиги кокусунан эле ылдыйга кулап жыгылат.
– Саа эмне болуп кетти? – Бачикисин көргөн түлкү чочуйт.
– Ойдуңдагы оттун жалыны мага чейин чачырап кетти! – дейт анда бачик.
Ошондо түлкү:
– Көрсө «балдар чоңдордон өткөн митайым» – деп адамдар бекер айтпайт тура, – деген экен.
Түлкү менен бачик
Түлкү өз бачигин чоңойтуп өстүрөт. Бачиги өз тамагын өзү таап жеп, жан багууга жарап калган кезде түлкү айтат бир күнү:
– Сен эми өз жолуңду таап, бактылуу жаша. Өзүңдү өзүң багып көн!
Муну уккан бачиктин көзү жашылданып сурап турганы:
– Анан биз качан жолугабыз?
– Э, кагылайын десе, каяктан жолукмак элек. Эгер тагдыр бизге кайра бир жолугушууну буюрган болсо, бир гана кызыл кулак еврейдин дубалынын боорунан кезигишебиз! – дептир энеси.