Түлкү жана каракур (канаттуу) 2

Түлкү жана каракур – орус элинин жомогу, бир нече муундун балдары сүйүп уккан жомок.

Анда түлкү каракур кушун дарактын бутагынан алдап түшүрүүгө аракет кылганы баяндалат.

Каракурга түлкү дүйнө жүзүндө жаңы мыйзам чыкканын, анда бир дагы жаныбарлар, жырткычтар бири-бирине тийбей турганын айтат.

Акылман канаттуу ага өз жообун бергенде, түлкү эмне үчүн качууга шашылат? Буга жоопту балдар менен чогуу жомокту окуп билиңиз.

Жомок жамандан жакшыны айырмалап билүүгө, этияттык кылууга, уккан эле сөзгө чын-бышыгын билбей туруп ишене бербөөгө үйрөтөт.

Каракур канаттуусу даракта конуп турган. Ага түлкү келди да, мындай деди:

– Саламатсыңбы, Каракур, менин досум? Сенин үнүңдү угарым менен сени көргөнү келип калдым.

– Жылуу сөздөрүң үчүн рахмат, түлкү, – деди Каракур.

Түлкү укпай калгандай түр көрсөтүп:

– Эмне дейсиң? Мен укпай калдым. Каракур, досум, жерге чөптөргө конуп сейилдегенче мени менен сүйлөшсөң боло. Болбосо мен сени дарактын башынан уга алчудай эмесмин, – деди анткорлоно.

Анда Каракур:

– Чөптөрдү аралагандан корком. Бизге, канаттууларга, жерде басууга болбойт, биздин өмүрүбүз үчүн коркунучтуу.

– Досум, сен менден коркуп жатасыңбы?

– Сенден болбосо да, башка жырткычтардан корком. Ар кандай жырткычтар болот, – деп жооп берди Каракур.

– Жок, Каракур, менин канаттуу досум, бүгүн дүйнөдө тынчтык өкүм сүрсүн деген жаңы жарлык жарыяланды. Азыркы жырткычтар бири-бирине тийбейт, – деди куйтуланган түлкү.

– Абдан жакшы болуптур, – деди Каракур шашпастан, –  Тигинде иттер чуркап келе жатышат, мурдагыдай болгондо сен качышың керек болот эле. Эми сен эч нерседен коркпой эле койсоң болот экен.  

Түлкү иттер тууралуу угары менен кулагын түрүп тыңшап, качууга камынып калды.

– Сен кайда? Азыркы жарлык боюнча, иттер тийбейт эмеспи? – деди Каракур түлкүгө карап.

– Ай, ким билет? Балким, иттер ал жарлыкты уккан эместир, – деген түлкү шашып качып жөнөдү.

Жомокту орус тилинен которгон «ЫКЧАМ» котормо борбору

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16
Нооруз жөнүндө жомок16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *