Датасы: 13.10.2020
Формат: mp3

Сөзү: Шатман Садыбакасовдуку;
Обону: Жумамүдүн Шералиевдики

Алчадай жүзүң мөлт эткен,
Апаңдан башка өппөгөн.
Ала жаз сайган чырпыктай,
Анда сен он беш жашта элең.

Ажарың жүрөк өрттөгөн,
Айта алам кантип сөз менен?
Асманда айдай толукшуп,
Анда сен жыйырма жашта элең.

Ок байлап чалгын канатка,
Отузга келдик заматта.
Жайлоодо Чолпон өчкөндөй,
Жаштык кез калат каякта?

Улам биз алга шашабыз,
Улгайып бара жатабыз.
Ал мончок сүйкүм балдарга,
Азыр биз ата-апабыз.

Акмарал Жоробаева — Анда сен… тексти: 11 комментарий

  1. Сөзү Шатман Садыбакасовдуку; Обону Жумамүдүн Шералиевдики
    …Ал мончок эмес,
    …Ай мончок сүйкүм балдарга,…

  2. Ушул ырды ырдап өскөн балдарбыз эң сонун ыр

  3. Ушул ырды ырдап өскөн балдарбыз эң сонун ыр

  4. Ыраматылык байкуш атам ырдачу экен. Мен уга албадым

  5. Менимче баары эле туура го деп ойлойм мага абдан жагат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *