Токто өмүр, токто, кайда шашасың,
Топук кылчы, бул жолду да басасың.
Жүгөнүңдү тартып турчу азыраак,
Жок дегенде апам узак жашасын.
Өмүр өзүң тосмосу жок кашаасың,
Өргө карай канча белди ашасың.
Жип-аркандап тушап турчу туягың,
Жок дегенде атам узак жашасын.
Ээктен ылдый кулап түшкөн жаш таза,
Эх, балалык, өттүң менден таптаза.
Мейман болуп өтөрүмө өкүнбөйм,
Менин ырым менден узак жашаса.
Түмөнбай Колдошов — Өмүр тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 5877
Эн жакшы ыр мен үчүн
Тоолор дегенден кийин үтүр коюлбайт го дейм
Аябай бул ыр жагат эмнегедир омур тез тез отуп жаткандай
Соонун ыр андан башка соз жок калеминиз курчуй берсин Тумонбай ага