Датасы: 05.10.2020
Формат: mp3

Узун жолдор, тоолордун бетиндеги,
Уңгу кептин эртеңи сезилбеди.
Уйпаланган уйкусуз түндө калган,
Убадасыз бир маек эсиңдеби?
Менде жашайт маектин кесим деми,
Мемиреген тынчтык ай кечиндеги.
Мелмил кылган мезгилдин кадыр түнүн,
Мейиз даамдуу эриндер эсиңдеби?
Сапарлаштар санынан өзгөрүлө,
Санаа тартып, сааттардын өткөнүнө.
Сен өзүңдү бактылуу сезген күндөн,
Сүрөт тартып алыпмын көздөрүмө.

Один комментарий к “Түмөнбай Колдошов — Узун жолдор тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *