Илгери өткөн заманда аскасы асман тиреген тоо арасындагы бир кичинекей айылда ай десе аркы, күн десе көркү жок Канышай аттуу сулуу кыз жашаган экен. Ал сулуу гана эмес акылы тунук, ата-энесине жароокер, жан-жаныбарларга боорукер жан болуптур.

Көргөн адамдын көз жоосун алып Канышай солкулдап бойго жеткенде ага Жети-Өгүздүн сыртындагы Санташ менен Боом капчыгайынын этегинде жашаган Улан аттуу эки жигит ашык болуп калат. Алар Канышайга жагуунун аракетин кыла башташат. Жаа тартышса да, балбан күрөшкө түшүшсө да, эңишсе да алар эч кимден жеңилбейт.

Жигиттердин эр жүрөктүүлүгү, кайраттуулугу, баатырдыгы, жалтанбастыгы, улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүп турган элпектиги, жан-жаныбар түгүл чөп-чарга да зыян келтирбеген боорукердиги, чынчылдыгы, адилеттиги, калыстыгы, айтор бардык касиеттери Канышайга жагат. Бирок кимисин тандаарын билбей башы катат.

Ошондо Канышайдын башына бир кызыктуу оюн келет. Ал устага кооз такта жасатып, эки жагына тогуздан уя, ортосуна эки чара ойдуруп, жигиттердин ар бирине сексен бирден коргоол берет. Бул оюнду “Тогуз коргоол” деп атайт. Өтө акылдуулук менен өзү чыгарган эрежени эки жигитке түшүндүрөт. Бул оюнда кимиси жеңсе, ошонусуна түбөлүк жар болууга убадасын берет. Эки бозой такта бетинде нечен күн, нечен түн таймашат.

Ошол мезгилде Канышайдын сулуулугун, акылдуулугун, аны алмакка эки бозойдун таймашып жатканын уккан хан кызга жуучу жиберет. Кыз хандын жуучусуна макул болбойт. Бирок хан кызды күч менен алмак болот. Ханды каалабаган кыз аскадан боюн таштайт. Ал кулап түшкөн жерден оргуштап күмүштөй булак атырылып чыгат.

Тогуз коргоол ойноп, бирин-бири жеңе албаган жигиттер аскага чыга качышат. Бирок тагдырдын күтүлбөгөн бул тамашасына чыдабай алар да өз бойлорун көлгө ташташат. Алар суунун бетине тиери менен эле шамалга айланышат. Күйүткө чыдабай ызылдап боздошот.

Ошондон ушул күнгө чейин Улан менен Санташ шамалдары бири башталса экинчиси коштоп, капаланып Канышайды жоктоп, уңулдап улуп, Ысык-Көлдү мекендеп калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *