Датасы: 15.09.2020
Формат: mp3

Сезу, обону Элдики

Тектирге чыккан буудайды,
Теңселтип шамал ыргайбы.
Теңдиктүү ушул турмушта,
Тентуштар ойноп жыргайлы.

Курбуга чыккан буудайды,
Кулпунтуп шамал ыргайбы.
Кулпунган ушул турмушта,
Курдаштар ойноп жыргайлы.

Кырандан чыккан айдайсың
Кызыл гүл болуп жайнайсың.
Кызыл гул турса ачылган,
Кылчайып булбул сайрайсың.

Жаркырап аткан таңдайсың,
Жарыгың жарык шамдайсың.
Жаш өмүрдүн күнүндө,
Жанаша чыккан талдайсын

Сылык бир сыпаа мүнөзүң,
Сыр түйүнүн билесиң.
Сүйкүмдүү назик үн менен
Сүйлөшкөнсүйт элесиң.

Один комментарий к “Умутай Абдышова — Кызыл гүл болуп жайнайсың тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *