Датасы: 12.10.2020
Формат: mp3

Күтүүдөн мен тажабайм,
Сүйөм десең түбөлүк.
Көздөрүмдү кадабайм
Жашай берем күн өтүп.
Айла канча, кантейин,
Сүйүптүрмүн өзүңдү?
Ырга айлантам анчейин,
Жол караган түнүмдү.
Кайырма:
Жазгы жамгыр, алыстаба,
Сапар алба алыстарга.
Калгым келбейт
Жалгыздык туманында камалып.
Жазгы жамгыр, алыстаба,
Буюрбадың жалгыз мага.
Ак сүйүүмдөн бир тамчы
Өңдөнөсүң жалганчы.
Үзүлбөгөн үмүтүм сезимимди жаралайт,
Басылбаган күйүтүм жүрөгүмдү аймалайт.
Элесиңди эсимден күзгү нөшөр талашат,
Тамчылары жамгырдын бөтөн сымал карашат.
Кайырма:
Жазгы жамгыр, алыстаба,
Сапар алба алыстарга.
Калгым келбейт
Жалгыздык туманында камалып.
Жазгы жамгыр, алыстаба,
Буюрбадың жалгыз мага.
Ак сүйүүмдөн бир тамчы,
Өңдөнөсүң жалганчы.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *